Просмотр содержимого документа
«Баш жана кичине тамгалар»
Сабактын темасы: БАШ ЖАНА КИЧИНЕ ТАМГАЛАР
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк: Алфавиттеги тамгалардын иретин билет.
Өнүктүрүүчүлүк: Кандай сөздөр баш тамга менен жазыларын үйрөнүшөт.
Тарбия берүүчүлүк: Топтордо иштөөдө бири-биринин оюн угуп, өз ара сыйлашууга тарбияланышат.
Жогорудагы максаттарга жетти деп эсептейбиз, эгерде окуучу...
а) Алфавиттеги тамгаларды бекитилген ирети менен атай алса.
б) Энчилүү зат атоочтор жана ар бир жаңы сүйломдүн биринчи сөзү баш тамга менен башталып жазыларын билсе.
в) Топтордо иштөөдө бири-биринин оюн угуп,өз ара сыйлаша алса.
Окуучулар ээ болуучу компетенттүүлүктөр:
Тилдик компетенттүүлүк: Кыргыз алфавитиндеги тамгалардын белгилүү ирети менен жайгашуусун билет. Кандай сөздөр баш тамга менен жазыларын түшүнөт.
Кептик компетенттүүлүк: Орфографиялык жактан сабаттуулукка ээ болот. Сүйлөшүү ишмердүүлүгүнө ээ болот.
Маданий компетенттүүлүк: Кеп маданиятына ээ болот. Адабий тилдин ченемине ылайык туура сүйлөөгө калыптанат.
Сабактын тиби: алган билимин чыңдоо сабағы.
Сабактын методу: окуп-үйрөнүү ишмердүүлүгүн уюштуруу.
Сабактын жабдылышы: кыргыз алфавитинин таблицасы, методикалык колдонмо жана таркатма материалдар.
Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуруу. 2.Өтүлгөн теманы кайталоо.
1. Алфавит деген эмне? Анда тамгалар кандай жайгашат?
2. Кыргыз алфавитиндеги тамгаларды ирети менен айтып бергиле.
3. Ар кандай сөздүктөр, тизмелер, китепканалардагы карточкалар кандай тартипте түзүлөт? Андай түзүүнүн кандай мааниси бар деп ойлайсың?
Жаңы тема: Алфавиттеги тамгалар баш жана кичине болуп экиге бөлүнөт. Энчилүү зат атоочтор жана ар бир жаңы сүйлөмдүн биринчи сөзү баш тамга менен жазылат.М: Чыңгыз Айтматов, Ала-Тоо, Ысык-Көл ж.б
Эгерде созулма үндүү менен башталса анда окшош эки тамганын биринчиси гана баш тамга менен жазылат. М: Аалам, Аалым, Уулум ж.б
Окуу китебиндеги көнүгүүлөр топторго бөлүнүү менен аткарылат.1-топ билген шаарлардын аттарын, 2-топ билген акын-жазуучулардын аттарын, 3-топ берилген сөздөрдү катыштырып сүйлөм түзөт жана энчилүү аттардын жазылышын талкуулашат.
Сабакты жыйынтыктоо: Бул сабакта сен үчүн эмне жаңылык болду?
Созулма үндүү менен келген энчилүү аттар кандай жазылат экен?
Окуучуларлын билимин баалоонун талаптары: -эрежени билип,аны пайдаланат.
-суроолорго так жооп берүүсү.
-сүйлөө кебинде далилдерди пайдаланылып.
-көнүгүүлөрдү эрежесине жараша туура аткаруусу.
Үй тапшырма: Сүйлөмдөрдүн бүткөн чегин аныкташат.