СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Баш сөөксүздөр,хордалуулар тиби

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Баш сөөксүздөр,хордалуулар тиби»

Сабактын планы.

Мөөнөтү: 23.12.2025

1.Предмет: биология

2.Класс 7

3. Глава: 3

4. Тема: Баш сөөксүздөр типчеси. Баш хордалуулар классы. Ланцетниктин түзүлүшү жашоо тиричилиги жана көбөйүшү.

5.Окуучулар эмнени билиш керек

1. Баш сөөксүз жаныбарлар боюнча .

2.Ланцетниктин аталышы жана түзүлүшү.

6. Туура эмес түшүнүктөр

Жаңылыш түшүнүк

Туура түшүнүк

Жаңылыштыкты кантип оңдоо керек

Өрчүү процессинде баш сөөксүздөр болуп балыктар эсептелинет.

Баш сөөксүздөр булар Ланцетниктер же алгачкы хордалуулар болуп саналат.

Анткени аларда сөөк болбойт, анын ордуна хордалары бар.

Суроо бериниз: Сиздин оюнузча, Ланцетниктер денеси балык сымал болот деп ойлойсузбу? Дене өсүүсү кандайча жүрөт деген суроого жооп табууну тактаныз.


Баш сөөксүздөр булар- курттар.

Баш сөөксүздөргө бир гана Ланцетниктер кирет. Бул жаныбарлар алгачкы хордалуулар де саналат.

. Балдар Ланцеиниктин дене түзулүшүн сүрөттөн көрүп, анан денесиниизилдешет.



7.Сабакта колдонуучу стратегия усул ыкма: сингапур ыкма 3С, 1Е.

8. Коопсуздукту камсыздоо: сүрөттөрүн көрүп билүү.

9.Керектүү материалдар (ресурстар): окуу китеби, видеоролик, сүрөттөр.

Сабактын этаптары:

3с+1Е

Сабактын жүрүшү

Ресурстар, материалдар

С1 Кызыктыруу

(Capture interest)



Бул эмне деп ойлойсуңар балдар?

А эгер жаныбар болсо кандай жаныбар?

Дене түзүлүшү эмнени элестетип жатат?

Жаныбардын атын тапкылачы?









Маалымат, сүрөттөр ж.б


С2 Түшүнүүнү түзүү

(Construct understanding)

Ланцетниктер (лат. Branchiostoma же Amphioxus) – жаныбарлардын баш сөөксүздөр классынын уруусу. Узундугу 8 смге жетет. Сүзгүч канаты бара-бара куйругуна өтөт. Дене формасы ланцет (наштар) сыяктуу, тунук, хордасы алдыңкы бөлүгүнө кирип турат. 7 түрү бар. Алар – омурткасыздар менен омурткалуулардын ортосундагы эң жөнөкөй хордалуу жандыктар. Хордасы өмүр бою сакталат, бакалоору менен дем алат. Борбордук нерв системасы жөнөкөй түзүлүштө, жүрөгү жок. Булчуңдары сегментке бөлүнөт. Айрым жыныстуу. Мелүүн жана жылуу деңиздерде 10– 30 м тереңдикте жашап, кумга денесинин алдыңкы бөлүгүн чыгарып, көмүлүп жатат, планктон менен азыктанат.



Сүрөттөр жана маалыматтар

С2 Билимди бышыктоо

(Construct understanding)


Баш хордалуулар (Cephalochordata) – бул Хордалуулар тибинин бир υποтиби, ага амфиокс сыяктуу жаныбарлар кирет; алар жөнөкөй түзүлүштүү, бакалоор менен дем алуучу деңиз жаныбарлары, башында денесинин көпчүлүк бөлүгүнө созулуп турган хордасы бар. Бул класс организмдерде хорда өмүр бою сакталат, анткени алар жөнөкөй, омурткасыз хордалууларга кирет да, омурткалуулардын алгачкы өнүгүү баскычына жакын. 

  • Негизги өзгөчөлүк: Хордасы башына чейин жетип, аны коштоп жүрөт, ошондон улам "баш хордалуулар" деп аталат.

  • Өкүлү: Негизинен амфиокс (Branchiostoma lanceolatum).

  • Жашоо чөйрөсү: Деңиздин түбүндө жашайт.



1Е Өнүктүрүү

(Enrichment)

Аларга ичеги үстүндө жаткан скелет огу - корда мүнөздүү. Бардык Кордалууларда корданын үстүндө өмүр бою сакталуучу арка нерв түтүгү болуп, андан мээ жана жүлүн пайда болгон. Сууда жашоочуларды н колкосунда метомердүү бакалоор жылчыкчалары өмүр бою сакталат, ал эми кургакта жашоочу (өпкөсү менен дем алуучулар) омурткалууларда өө рчүүнүн алгачкы стадиясында - онтогенезинде гана болот.