СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Балдар адабияты.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Балдар адабияты.»



Кыргыз фольклорундагы чоӊ жанр жана аларды көркөм окуу


1. Кыргыз фольулорундагы чоӊ жанры (Эпикалык түр)

2.Жомоктор, алардын түрлөрү жана аларды көркөм окуунун жолдору

3.Дастандар жана алардын айтылуу өзгөчөлүктөрү


Элдик оозеки чыгармачылыкта ар кандай табигый кубулуштарды, жаратылышты жана турмуштук көрүнүштөрдү окуя, мүнөз, элес аркылуу баяндоо ыкмасы менен туюндуруп келген көркөм форма жомок болуп эсептнлет. Мунун экиваленти-эпикалык жанр.

Мындайча айтканда, жомок менен эпикалык чыгармачылык бирдей эле түшүнүк.Балдар фольклоруна жомоктун бардык жанрдык түрлөрү-уламыш, болмуш, тамсил, жөө жомок, дастандар түз жана кыйыр түрдө тиешелүү.


Уламыш –жомоктордун ичинен миф түрүндө эӊ байыркы учурда жаралып, бүгүнкү күнгө жеткен жанрлардын бири.Мындагы объективдүү дүйнөгө карата жасалган мамиледе элдик түшүнүктүн бир бөтөнчө көркөм элестери жаралып келген. Ошондуктан укмуштуу окуялар, адаттагыдан башкача фантастикалуу көрүнүштөр уламыштардын сюжеттик мазмунун тузуп турат.

Мифтик элементти сактап калган “ Уч Аркар Жылдызы”, “Уркөрдүн кызы –Улпүлдөк сулуу”, “Айдагы кыз” сыяктуу уламыштар кыргыз элинин байыркы жашоо тиричилиги, аӊ-сезимин чагылтып, бүгүнкү күнгө жеткен.


Болмуш- болмуштун жаралышына аталышы эле туюндуруп тургандай качанкы бир өткөн окуя түздөн-түз негиз болот.Ошондуктан анын тематикалык мазмуну турмушта болгондорду чагылдырып жаткандай кабылданат. Чынында ушул мүнөздүү жагдай болмушту элдик оозеки чыгармалардын түрүнөн айкын ажыратып туруунун көркөм кыябы болмокчу.Болмуштун көркөм мазмуну оор окуялуу келип, көбүнесе трагедиялуу болуп аяктайт. Ошондон улам кайсы болмушта болсун мүӊайым сезим байкалат.

М: “Толубай сынчы”, “Токтогул ырчынын баласы”, “ Карагул ”, “Домонун кызы”. Бул болмуштар саяпкер, мүнүшкөр, ырчы, мергенчи, саятчы сыяктуу адамга табигый бүткөн өнөрдү, кесипти, шыкты даӊазалайт жана өз учурундагы жагдай шартка жараша социалдык кагылыштарды ажайып элестетет.

Болмуштагы окуялар эл башынан өткөн айрым алаамат күндөр туурасында маалымат берет.


Тамсил- кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгында тамсил такай социалдык жана таптык мамилелерди көркөм кыябы менен көрсөтүп келген жанрдан.Тамсилдин көздөгөн максаты адеп башталышында таза адеп-ахлакка тарбиялоо болгон. Анткен менен, улам барган сайын коомдук мамилелерге тикеден- тике кийлигишип, турмуштук чындыкты ыгын таап таасын туюндуруп турууну чыгармачыл милдети кылып алган. Мына ошондуктан элдик тамсилдерде морадык мотивдер да

( адамды ар кандай терс жактардан оолактатып, жакшы кана сапаттарга жетектеген үмүттөр), туюнтмалуу материалдар да (адамды кара күчтүн ар кандай зомбулугуна каршы турууга чакырган кыйытмалуу көрсөтмөлөр) тиешелүү деӊгээлде жеткилеӊ учурайт.

Тамсилдин өзүнө тийиштүү айырмалуу поэтикасы- чакан сюжетте, образдарынын тыкан дүк системасында жана алдыртан кыйытып аӊдаткан жыйынтыкта көрүнөт. Ушул жагдайда “Кыргый менен үкү”,”Дыйкан менен доӊуз”, “Абышка менен түлкү” тамсил жанрынын нагыз үлгүлөрү.







Жөө жомок –тематикалык мазмуну, көркөм образдар системасы жана поэтикалык ажары боюнча жөө жомоктор үчкө бөлүнөт.

1.Кереметүү жөө жомоктор

2.Айбанаттар жөнүндөгү жөө жомоктор

3.Турмуштук жөө жомоктор

Жоо жомоктордун негизги чыгармачыл каражат – фантастика, М.Горький айткандай, фантастикасыз эч бир жомок болбойт жана болууга да мүнкүн эмес. Себеби, фантастиканын жардамы менен эл өзүнүн дүйнөгө көз карашын, түшүнүгүн чагылдырып келген. Жөө жомоктордо адамдардын тарыхый шартка ылайык өз келечегине ишенимдүү караган не бир учул кыялы, тилектери берилген.


1.Кереметүү жөө жомоктордун кейипкерлери да адаттан тышкары сыйкырдуу күчкө, кудурети күчтүү касиетке, амалдуу айлакерликке ээ болуп, укмуштуу окуялардын ичинен чыгат жана акырында келип бейпил турмушта жашап калат.

М: “Кенже бала”, “Хандын баласы”, “Муӊдук менен Зарлык”, “Онөрлүү бала”, “Алтын куш”, “Зымырык куш” сыяктуу турмуштук чындыктан бийик турган керкметтүү жөө жомоктор элдик илгери үмүттөгү мүдөөлөргө чулгайт.Кереметтүү жөө жомоктордун сюжети укмуштуу окуялардан түзүлсө да, анын идеалык-эстетикалык жыйынтыгы турмуштун нагыз ээси адам экендигин жаркын көрсөтүү менен бүтөт.


2.Айбанаттар жөнүндөгү жөө жомоктордун тарбия таалими ар тармактуу. Кыйла кызыктуу өнүккөн сюжеттик окуяларында түркүн жандыктардын жорук-жосунун, жашоо үчүн күрөшүн баяндап жатып, жеткинчектерди алымдуу сапаттарга тарбиялайт. "Чокчолой баатыр” жөнүндөгү жомок мыйыгынан жылмайып, мыскылдуу күлкү козгоп, таӊ каларлык окуясы боюнча балдарга өтө жагымдуу, Жолборс баштаган шерлердин жүрөгүнүн үшүн алып, аларды жеӊип чыккан Чокчолой баатыр (мышык) чечкиндүүлүктүн, туруктуулуктун үлгүсүн көрсөтөт.