СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Балаты" майрамына сценарий

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«"Балаты" майрамына сценарий»

Бекитемин:

Мектеп дир: Ы. Алимов

“_____” _____________ 2019-ж.

2019-2020-окуу жылындагы О. Сапаров атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын окуучуларынын Жаңы жыл майрамына карата уюштурулган “БАЛАТЫ-2020” майрамынын

сценарийи:



Майрам өтүлүүчү жай: мектептин агартуу залы

Майрамдын максаты: Окуучуларга жаңы жылды тосууда майрамдык маанай тартуулоо жана чыгармачыл, талантуу балдардын талантынын өркүндөөсүнө шык берүү.

“БАЛАТЫ-2020” майрамынын жүрүшү:



1-алып баруучу:

Кел жаңы жыл алыс жолду арытып

Кел жаңы жыл тозон уруп, кар учуп

Жаш бөбөктү да бир жашка чоңойтуп

Карыяны да бир жашка карытып



2-алып баруучу:

Шаркыраган дарыядай агып кел

Шаңга толуп адамзатка жагып кел

Баарыбыздын күткөнүбүз төп келсин

Бак таалайды ар бир жанга алып кел



1-алып баруучу:

Ассалоому алейкум О. Сапаров атындагы орто мектебинин мотурайган окуучулары, талыкпастан билим сунган мугалимдери, жана кадырлуу ата-энелер. Мына бүгүн жыл айланып сиздер менен кайрадан жаңы жылды тосуу алдында турабыз. Баарыңыздарды келе жаткан 2020-жаңы жылыңыздар менен куттуктаймын. Жаңы чычкан жылыбыз-токчулуктун, молчулуктун жылы болсун, жалпы кыргыз элинде тынчтык болсун, эл ичинде биз да тынч бололу.

2-алып баруучу:



Салам айтам ушул келген жылымда

Баарыңарга ак ниеттен жаркырап

Келип калды жаңы жылым шаштырып

Жакшы маанай, ак үмүттү тартуулап. Анда эмесе бүгүнкү арча майрамын ачып берүү үчүн сөз О. Сапаров а. о. мектебинин директору: Алимов Ысмайыл агайга берилет. (сыйлоо баракчалары тапшырылат)

1-алып баруучу:

Анда балдар майрамдык кечебизди улантсак, бир жыл мурда мен силер менен ушул жерде жолугуп эмнелерди берген элем?

Балдар:

-Тапшырмаларды

-Ооба мени кайра көргүңөр келсе мен берген тапшырмага жакшы даярдангыла, силерге белектер менен келемин дегенмин. Азыр силердин өнөрлөрүңүрдү көрүү менен таланттуу балдарга белектеримди тапшырайын.

2-алып баруучу:

1)Жаш балаты жашыл тартып жашылап

Бергени турат кубанычын тартуулап

Оюнчукка толо берсин балаты

Кана балдар колдоп койчу кол чаап – демекчи аяз Атанын тапшырмасын аткаруу үчүн силердин кол чабууңар менен 2-в класстын окуучуларын эжекеси Бердибаева Садагүл эжеке менен чакырып алабыз. 2-в класстын окуучулары бизге хор аткарып беришет.( Аяз Ата белегин тапшырат)

1-алып баруучу:

2)-Жаңы жылда жаңы кийим кийгиле

Жаңы жылда жаңы килем илгиле

2-алып баруучу:

-Жаңы жылда бүт бардыгы жаңырсын

Жаңырбасын, жаңырбасын үй бүлө.

3)Анда эмесе сиздерди жаңы жылыңыздар менен куттуктап 2-а класстын окуучулары бийлеп берээрден мурда класс жетекчиси Сайдуллаева Мыскалай эжекеге кезек беребиз.

1-алып баруучу:

4) Азыр Аяз Атанын белегин алуу үчүн биздин эң кичинекей окуучуларыбыз болгон 1-а класстын окуучулары Сумая эжекеси менен ак бийге бийлеп беришет.

2-алып баруучу:

Жаңы жылда жаңы план чийгиле

Жаңы жылда жаңы түшүм үйгүлө

Жаңы жылда жаңы демде жүргүлө

Жаңы жылда жаңыча ойлой билгиле –демекчи сиздерди жаңы жылыңыздар менен куттуктап 3-б класстын окуучулары эжекеси Ташбалтаева Марзия эжеке менен Молдаван элинин бийлерин тартуулашат.

1-алып баруучу:

5) ал эми азыр сиздердин кол чабуунуздар менен 4-а класстын атынан Рахманкулова Асеманы эжекеси Алимова Бактыгүл эжеке менен чакырабыз. Асема бизге “Көк жылгаяк” деген ырды тартууламакчы.

2-алып баруучу:

6)Жаңы жылда жаңы үйлөргө киргиле

Жаңы жылда жаңыча өмүр сүргүлө

Жаңы-жаңы ийгиликке жетишип

Бул жашоонун аруулугун көргүлө – деген каалоолор менен бизге 2-б класстын окуучулары класс жетекчиси Мурзаева Ыхывал эжеке менен өз өнөрлөрүн тартуулашат.

1-алып баруучу:

7)Кайрадан эле сиздер үчүн эң кенже класстарыбыздын окуучулары 1-в класс Аида эжекеси менен бий аткарып беришет.

2-алып баруучу:

8)Жаңы жылым кирип келет жакында

Жаңы бакыт алып келсин баарыңа

Баарың жандан эч бир карап олтурба

Мындай майрам бир күн эле бир жылда - азыр сиздерге башталгыч класстын эң чоң окуучулары 4-в класстын окуучулары эжекеси Көчбаева Акбермет эжеке менен бирге майрамдык маанай тартуулашат.

1-алып баруучу:

9) Азыр Аяз Атанын белектерине өз өнөрлөрүн тартуулоо менен 2-г класстын окуучулары Садагүл эжеке менен ээ болушат.

2-алып баруучу:

10) Өздөрүнүн созолонгон үндөрү менен 2-а класстын окуучулары жагымдуу ыр тартуулашат.

1-алып баруучу:

11) Кел жаңы жыл маздап күйгөн очогу

Эмне ойлосок, орундайлык ошону

Эски жылда кеткен болсо кемчилик

Кетирбөөгө жаңы жылды тосолу деп жаңы жылды тосуу менен бирге сиздерге 3-а класстын окуучулары бий аткарып беришет.

2-алып баруучу:

12)Аяз Атанын белектерин кызыгуу менен күтүп бизге кичинекей 1-б класстын окуучулары бийлешет.

1-алып баруучу:

13) Жаңы жылда жаңы ийгиликтерди жаратуу максаттары менен сиздер үчүн 3-в класстын окуучулары эжекеси Исакова Гүлмира эжеке менен бирге бий тартуулашат.

2-алып баруучу:

14) Баарыңыздарды жаңы жылыңыздар менен куттуктап, жаңы жылда албан-албан ийгиликтерди каалоо менен 4-б класстын окуучулары эжекеси Рустамова Бегайым эжеке менен бий бийлеп беришет.

1-алып баруучу:

Ак кар чүмкөп Ала-Тоонун сересин

Жыл жаңырды берип бакыт элесин

Жаңы өмүрдүн тык-тык соккон мүнөтү

Жалындатты ар адамдын денесин- демекчи бүгүнкү арча майрамын жыйынтыктоо үчүн сөздү О. Сапаров атындагы орто мектебинин директору Алимов Ысмайыл агайга беребиз.





















Түзгөн: М. Ташбалтаева.







.