Сабактын планы.
| Ош облусу,Кара-Суу району | №37-Тугөлбай Сакыев атындагы орто мектеби |
| Башталгыч класс мугалими: Токтосунова Филюра Бектемировна | 4-класс |
| Предмети: Адабий окуу | Сабактын темасы: “Баарынан эмне таттуу?” |
Сабактын максаты: Күтүлүүчү натыйжа:
| Окуучулар берилген тексттин мазмунун түшүнүшөт,бейтааныш сөздөрдүн маанилерин түшүнүшөт. | Окуучулар берилген тексттин мазмунун түшүнушсө,бейтааныш сөздөрдүн маанилерин түшүнүшсө.. |
| Суроолорго ,предметтик сурөттөргө, кыймыл аракетти билдирүүчү сөздөргө таянуу менен текстти ыраттуу айтып беришет. | Суроолорго ,предметтик сурөттөргө, кыймыл аракетти билдирүүчү сөздөргө таянуу менен текстти ыраттуу айтып беришсе.... |
| “Эмгек менен тапканын таттуу” деген макалдын маанилүүлүгүнүн терен экендиги тууралуу тыянак чыгарышат. | “Эмгек менен тапканын таттуу” деген макалдын маанилүүлүгүнүн терен экендиги тууралуу тыянак чыгарышса... |
Ресурстар: активдүү лексика жана сурөттөр сүйлөөчү дубал.
| Таттуу- (ширин) Жойпуланып- (жалпак тилге салуу) Бакырып –өкурөт- (катуу кыйкырганы) Бирдеме- (бир нерсе) Чабагандап-(тарап кетишти). |
Сабактын формасы: топто,жекече иштөө.
Божомолдоо стратегиясы.
Сабактын журушу:
-Арыбагыла балдарым?!
-Бар болунуз эжеке!
-Силер да бар болгула.
1-кадам. Кана балдарым , мен силер менен сабакты макал менен баштайын деп турамын:
“Эмгек-ар кандай дарттын дабаасы”.
“Эмгектен өткөн ырыс жок”.
”Мээнеткеч адам кичине болсо да чоң күч,анын колунан баары келет”.
Бул мен айткан макалдарды угуп ,келгиле чогуу чечмелейбиз :
Окуучулар ар кандай өздөрүнүн ойлорун айтышат.
Мугалим: азаматсынар абдан сонун чечмелединер балдар ,биз эмне жөнүндө тема өтөөрүбүздү силер божомолдоп көргүлөчү мумкун бүгүнкү теманы таап алабыз.
Окуучулар: биз бүгүн эмгек жөнүндө тема өтүшүбүз мүмкүн анткени, бүгүн биз сабакты эмгек жөнүндө макалдар менен баштадык .
Мугалим : ооба бүгүнкү темабыз: “Баарынан эмне таттуу? деген ангемеси менен таанышабыз.
Бугунку сабактын максаты балдар берилген тексттин мазмунун түшүнүп,ырааттуу айтып бере алсак, эмгек деген эмне экенин түшунсөк ,жаны сөздөрдү,сүрөттөрдү пайдаланып тапшырмаларды аткара алсак анда биз сабактын максатына жете алабыз.
2-кадам.Бүгүн бизде аңгеменин каармандары (арстан,түлкү,кашкулак,аюу,карышкыр) болмокчу.Балдар божомолдоп айтып көргүлөчү бул каармандарга тиешелүү сын атоочторду атагылачы.
-Бул аңгемеде арстан кандай деп ойлойсунар?(чоң ,жырткыч)
-Түлкү кандай?(митаам,жойпуланган жаныбар)
-Кашкулак кандай?(токой жаныбары,шамдагай)
-Аюу кандай?(май таман,чоң,олдоксон)
-Карышкыр кандай? (жырткыч, чоң).
Кана балдар,аңгемеде эмне жөнүндө сөз болот деп ойлойсунар?
-Балдар экрандагы сурөттөрдү,кол менен жасалган сурөттөрду,аңгемени сурөттөгөн сөздөрдү пайдаланышат.(Скаффолдинг ыкмаларынан).
3-кадам.Балдар бүгүн текстте силерге тааныш эмес сөздөрдун маанилерин түшүндүрүп берейин:
Таттуу- (ширин), Жойпуланып- (жалпак тилге салуу),
бакырып –өкүрөт- (катуу кыйкырганы),
бирдеме- (бир нерсе), чабагандап-(тарап кетишти)
4-кадам.Текст мугалим тарабынан окулат:
“Баарынан эмне таттуу?”
Арстан падыша болуп турганда жан-жаныбарлардын баары чогулду.
-Таттуудан эмне таттуу? Мына ушуну билип келгиле.Таппасаңар башыңарды алам !-деп буйрук берет.
Жан-жаныбарлар туш-тушка чабагандап жөнөшөт.арадан алты күн өтүп ,кайрадан чогулушат.Ар ким ар нерсени таттуу деп чыгат.Арстанга бири да жакпай коет.
Бул дуйнөдө тооктун этинен таттуу эч нерсе жок .Мына, сизге атайын арнап алып келдим,-деп тулку жойпуланып ,баштыгынан үч-төрт балапанды алып чыгат.Арстан ооз тийип ,аны да жактырбайт.
-Конуздан таттуу эч нерсе жок,- дейт кашкулак.
-Коңуз-поңузуң менен көзүмө көрүнбөй жоголгун!-деп арстан кашкулакты кууп жиберет.
-Таттуудан таба албай эмне кылып журосунор? Баарынардын башынарды аламын!-деп жер-сууну бузуп бакырып өкүрөт.
Жан-жаныбарлар эмне кылар айласын таппай турушканда андан-мындан бир аттап ,жонуна бирдеме көтөргөн аюу келип калат.Айласы кетип турган жаныбарлар “Эми ылаажы табылаар бекен” дешип жарылып жол беришет.
-Мына ушунун баары толтура таттуу,деп аюу көтөрүп келген челегин арстандын алдына таштайт.
- Мунуң эмне?-дейт арстан күрүлдөп,же сен да мени алдагың келип жатабы?
-Бул челектин ичиндеги нерсе “бал” деген болот.Балды жеген да,жебеген да арманда,-деп аюунун шилекейи агып,челектин капкагын ачып жиберди.
Арстан балдан бир сугунуп алып туруп калат.
-Опей,мунуң аябай таттуу экен.Бул дүйнөдө балдан таттуу эч нерсе жок турбайбы,-деп карс-карс күлүп балдан дагы алып жейин деп эңкейгенде, челектин ичинен аарылар ызылдашып келишип ,арстандын башы-көзүн тамтык калтырбай чагып киришет.
-Анан ары жакта турган аюу,карышкыр ,түлкүнү куушат.Жаныбарлар качып-житип аран кутулушат.
-Арстандын башы-козүнүн тамтыгы жок ,ордунан тура албай онтоп жатса,жанынан бир атчан абышка өтүп бара жаткан.Арстан абышкага болгон окуяны айтып берет.Абышка тигинин сөзүн калтырбай угуп олтуруп:
-Аарынын балы таттуу болуп,уусунун ачуу болушу ошол балды чогултууда көргөн мээнетинен.Мээнет менен табылган нерсени ач көздөрдөн коргогондо ар ким жан-алы калбай күрөшөт.Ошондуктан ,дүйнөдөгү эң таттуу нерсе –эмгек.”Эмгек тапканың дайым таттуу болот” деген акылман кеп ошондон калган.
5-кадам.Эми балдар текстти ырааттуу айтып берүүгө аракеттерди жасайбыз.
| Суроолор | Текстке карата алынган суроттор же жооптор. |
| Окуя кантип башталды?(Арстан жан-жаныбарларды чогултту). | |
| Арстан эмне деп буйрук берди? | Таттуулардан эмне таттуу?деп буйрук берди. |
| Түлкү эмнени таттуу деп алып келди? | тооктун эти. |
| Кашкулак эмнени таттуу деп алып келди? | конуз |
| Аюу эмнени таттуу деп алып келди? | |
| “Эмгек менен тапканын таттуу?”дегенди кандай түшүндүнөр? | Ар бирибиз жеген тамагыбызды өз эмгегибиз менен табышыбыз керек экен. |
6-кадам.Мына балдар ушул ангемеге логикалык ой жүгүртөлү ,топтор менен жооп берүүгө ,ойлонууга аракеттенебиз.
-Арстан жок болсо ,аңгеме жарала беле? Оюнар кандай?
-Дүйнөдө эн таттуу эмне экенин билдинерби?
-бул аңгеме жактыбы ,силер өзүнөргө кандай нерсени алдынар?
7-кадам.Көңүлдүү минута(физкультминутка). Бугунку аңгемедеги жан-жаныбарлардын кыймылын туурап бийге түшүп эс алабыз.(Аюунун баласы мамалак катышкан “Ак шоола” балдар бийине бийлешет).(ноутбук)
8-кадам.Топтор менен иштейбиз балдар: мен сүрөттөрдү көрсөтөм жана кыймыл-аракетти көрсөтүүчү таяныч сөздөрдү көрсөтөмун ошол кыймыл-аракетти билдирүүчү сөздөргө таянып текстти калыбына келтиресинер.
Балдар текстти калыбына келтиришет.
9-кадам.Эми балдар биз эгерде текстти толук түшүнуп бара жаткан болсок силер ролдоштуруп аткарып берүүгө топтор менен аракет жасайбыз.
Балдар топтор менен жарышуу иретинде атаандаштык менен ролдоштурушат.
Кийинки тапшырма чынжыр түрүндө айтып беришет.
10-кадам.
-Балдар бүгүнкү аңгеме силерге жактыбы?
-Бул аңгеме эмне жөнүндө?
-Аңгемеге кандай макалдарды талдоого болот экен?
-Бул аңгемеден кандай тыянак чыгарууга болот экен?
-Эмгек менен тапканын дайыма таттуу болот дегенге ынандынарбы?
11-кадам. Үй иши.Силер балдар бүгүнкү аңгемедеги каармандардан кайсы каарман жакса ошол каарманга синквейн тузуп келесинер.Мен силерге синквейндин үлгүсү катары аңгемедеги каармандардан тышкары башка жаныбарга түзүп беремин.
СИНКВЕЙН.(үлгүсү)
1.Ит. (зат атооч)
2.Кичине,чоң.(сын атооч)
3.Жейт,басат,үрөт.(этиш)
4.Ит адамдардын үйүн карайт.(төрт сөздөн турган бир сүйлөм.)
5.Короочу.(синоними)
Баалоо.Баалоо экранында берилген критерийлер менен баалоо.(топтордо,жекече).