СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Баа коюнун нормалары

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Стандарт боюнча баа коюнун нормалары

Просмотр содержимого документа
«Баа коюнун нормалары»

Бекитемин:

Мектеп директору : Н.Арапбаева

“_____”_________2022-жыл



Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарынын 5-11 класстары үчүн «Математика» боюнча предметтик стандартынын негизинде окуучуларды баалоонун стратегиялары жана критерийлери

(Кыргыз Республикасынын билим жана илим министрлигинин 2015-жылдын 8-октябрындагы №1247/1 буйругуна тиркеме)

МАТЕМАТИКА БОЮНЧА ОКУУЧУЛАРДЫН ООЗЕКИ ЖООПТОРУН

БААЛООНУН ТАЛАПТАРЫ




«5»деген баа

окуучулардын төмөндөгүдөй оозеки жооптору үчүн коюлат:

  • программада жана окуу китебинде каралган материалдардын мазмунун

толук ачып бере алса; математикадагы материалды, предметке тиешелүү терминдерди жана символикаларды так колдонуу менен логикалык ырааттуулукта түшүндүрө алса;

  • жоопторго тиешелүү чиймелерди, графиктерди туура аткара алса;

  • теорияны так мисалдар менен иллюстрациялоо билгичтигин көрсөтсө жана теорияны практикалык тапшырмаларды аткарууда жаңы кырдаалдарда пайдалана алса;

  • мурунку алган билимин өздөштүрүүсүн, суроого жооп берүүдө тийиштүү билгичтиктерин, көндүмдөрүн көрсөтө алса;

  • мугалимдин жетектөөсүз өз алдынча жооп бере алса;




«4» деген баа

окуучулардын төмөндөгүдөй оозеки жооптору үчүн коюлат:

  • «4» деген баа негизинен «5» деген баа үчүн коюлган талаптарына жооп берсе, бирок төмөндөгүдөй жетишпегендиктеринин бирөөсү болсо;

  • баяндоодо математикалык мазмунду бузбаган кээ бир каталарды кетирген болсо;

  • негизги мазмунду ачып берүүдө мугалимдин талап кылуусу менен оңдолгон бир, эки жетишпегендиктер болсо;

  • кошумча суроолого жооп берүүдө ката же бир, эки жетишпегендиктер болуп, бирок мугалимдин эскертүүсү менен оңой оңдосо.




«3»деген баа

окуучулардын төмөндөгүдөй оозеки жооптору үчүн коюлат:

  • окуу материалын толук ачып бере албаса, мазмун ыраттуу эмес бөлүп айтылса, бирок программадагы материалды улантып өздөштүрө ала тургандыгын, суроонун жалпы түшүнгөндүгүн жана билимин көрсөтө алса;

  • математикалык түшүнүктөрдү аныктоодо, терминдерди, чиймелерди, графиктерди колдонууда ката кетирсе, аларды мугалимдин жоопко түрткү берүүчү суроолорунан кийин гана оңдосо;

  • теорияны практикалык тапшырмаларды аткарууда жаңы кырдаалдарда пайдалана албаса, бирок берилген тема боюнча сөзсүз аткарылуучу талаптарга тиешелүү тапшырмаларды аткара алса;

  • теориялык билими жетиштүү болгону менен толук калыптандырылган билгичтиктери жана көндүмдөрү жетишсиз болсо.




«2» деген баа

окуучулардын төмөндөгүдөй оозеки жооптору үчүн коюлат:

  • окуу материалынын негизги мазмунун ачып бере албаса;

  • окуу материалынын негизги же маанилүү бөлүгүн түшүнбөгөндүгү жана билбегендиги байкалса;

  • математикалык түшүнүктөрдү аныктоодо, терминдерди, чийүү, графиктерди колдонууда кыйналса же ката кетирсе, аларды мугалимдин жоопко түрткү берүүчү суроолорунан кийин да оңдой албаса.




«1» деген баа

окуучулардын төмөндөгүдөй оозеки жооптору үчүн коюлат:

  • эгерде окуучу окуу материалынын мазмунун толук билбегендиктери байкалса «1» деген баа коюлат.






МАТЕМАТИКАДАН ОКУУЧУЛАРДЫН ЖАЗУУ ЖҮЗҮНДӨГҮ

ИШТЕРИН БААЛООНУН ТАЛАПТАРЫ



«5» деген баа

окуучулардын төмөндөгүдөй жазуу жүзүндөгү текшерүү иштери үчүн коюлат:

жазуу ишиндеги берилген тапшырма толук аткарылса;

  • маселени чыгаруунун кадамдарын негиздөөдө жана логикалык талкуу жүргүзүүсүндө каталар жана жетишпегендиктер жок болсо;

  • маселени чыгарууда математикалык каталар жок болсо ( бир так эместик, жазууда ката болушу мүмкүн, бирок алар материалды толук түшүнбөгөндүктөн же билбегендиктен эмес кетирилген );

  • тапшырманы чыгаруунун рационалдуу жолун колдонуу менен чыгарса;

  • берилген тапшырмаларды так чыгарып жоопторун так жаза алса.




«4» деген баа

окуучулардын төмөндөгүдөй жазуу жүзүндөгү текшерүү иштери үчүн коюлат:

  • иш толук аткарылса, бирок чыгаруунун кадамдарын негиздөөдө жетишпегендиктер болсо ( эгерде талкулоону негиздөө билгичтиктери текшерүүнүн максаты болбосо);

  • сүрөттөрдө, чиймелерде, графиктерде 2-3 жетишпестиктер болсо, же 1 ката кетирлсе (эгерде ушул жумуштардын түрү текшерүүнүн максаты болбосо);тапшырманы чыгарууда рационалдуу жолду колдонуп чыгара албаса;

  • берилген тапшырмаларды так чыгарып жоопторун так жаза алса.




«3» деген баа

окуучулардын төмөндөгүдөй жазуу жүзүндөгү текшерүү иштери үчүн коюлат:

  • сүрөттөрдө, чиймелерде, графиктерде, 2-3 жетишпестиктер болсо,

1 ката кетирилсе, бирок берилген тема боюнча негизинен окуучу билимдерине, билгичтиктерине коюлган талаптарга ээ болсо;тапшырманы чыгарууда рационалдуу жол менен чыгара албаса




«2» деген баа

окуучулардын төмөндөгүдөй жазуу жүзүндөгү текшерүү иштери үчүн коюлат:

  • кетирилген каталары берилген тема боюнча окуучунун билимдерине, билгичтиктерине коюлган талаптарга ээ болбогондугу көрүнүп турса;

  • тапшырманы чыгарууда орчундуу каталар кетирилсе;

  • тапшырманын жообу туура эмес болсо;

  • математикалык символдор туура эмес жазылса жана математикалык терминдер туура эмес колдонулса;

  • тапшырмада 5 же андан ашык каталар кетирисе



«1» деген баа

окуучулардын төмөндөгүдөй жазуу жүзүндөгү текшерүү иштери үчүн коюлат:

  • берилген тема боюнча окуучу билим билгичтиктерине коюлган

талаптарга толук ээ болбогондугун көрсөтсө;

  • тапшырманы толук чыгарбаса же жооптору туура эмес болсо.