СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ата - энелерди китеп окууга үндөө

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ата - энелерди китеп окууга үндөө»

ТЕМА : Ата – энелер менен биргеликте китеп окууну каалайбыз

Балдардын үй бүлөөдөгү тарбиясында ата – энелердин ролу өтө чоң. Балдардын бардык жакшы сапаттардын көбү эң оболу энеден өтөт. Балдардын сезүү ,угуу,кабылдоо , эстеп калуу таанып – билүү жөндөмдүүлүгүүн өстүрүү мугалимге , ата – эне гана көмөктөшө алат. Баланын келечегине , билим алуусуна , тарбиясына туура тамактануусуна ата – эне кызыктар болуш керек ! Окуучу куш болсо , анын бир канаты мугалим, бир канаты ата – эне болуш керек .Мугалим менен ата – эне качан гана бирдей аракет жасаса ,ошондо кесипкөй инсан чыгат.

“Мугалим укканга санат, ата – эне учканга канат”

Чындыгында эле баарыбыз бала деп жашап келебиз. Балдар ар бирибиздин үмүтүбүз , ишеничибиз ,келечегибиз. Бүгүнкү күндө балдарыбызга берип жаткан билим тарбия менен эртеңкинин пайдубалын куруп жатабыз. Балдар – жердин жандуу гүлдөрү ,анын багбаны мугалим менен ата – эне,бала болсо агын суу кайсы багытка бурсаң ошол жакка бурулат. Актай баракка эмне жазсаң ошол жазуу ошол бойдон сакталат. Ошондуктан багбанчы да , сугатчы да ,жазуучу да биз . Балдарыбызга туура китептерди окууга,туура багытка жетелеп багытооч болушубуз керек.

Азыркы технология ,экономика заманда базар экономикасына шарттап жашап келебиз. Биздин үйлөр европа стилинде курулуп евро болду ,ал эми жан дүйнөлөр ондоп тузөөдөн өтуп жатабы?

Адамда үч казан бар экен : 1. Аш казан, 2. Рух казан, 3. Акыл казан . Мына ушулардын ичинен аш казанды толтуруу эн оңой экен , ал эми эки рух менен акыл казанды толтуруу үчүн китеп окуп жан дүйнонү сугарып туруубуз керек экен. Азыркы мезгилде ар бир үйдун алдында бирден машиналарыбыз бар .

Ал эми үйлөрдө китеп текчелери барбы?....

Жок ал нерсеге көптөгөн адамдар маани беришпейт. Сиздердин үйүңүздөрдө эки нерсе сиздерге дуба кылат экен биринчиси жылкы, экинчиси китеп текчеде тизилип турган китептер. Себеби : жылкы мал тынбай чөп жегендиктен ,үйдүн ээси аман – эсен келип чөп салып кетсе экен десе, тизилип турган китептер текчеден мени алып окушса дейт экен. Ошондуктан урматту ата – энелер китеп текчесин ар бир үйгө уюштуруу керек.

Там салууда фундаментти тамды кулабас куйгандай балдарыбыздын билимине көңүл буруу керек. Билим башаты башталгыч класстардан башталат жана мектепти балдарыбыз он бир жыл билим алышат. Ар бир балабызга китепке болгон сүйүүсүн бекемдеп окуучу ,мугалим,ата – эне үч бурчтук айлампасын жүргүзсөк ар дайым сапаттуу билим жана кең келечектүү улуттун коомун мыкты уул – кыздарыбызды тарбиялай алабыз.