СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ата-энелер мектеби

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ата-энелер мектеби»

Тушоо кесүү

Тушоо кесүү. Кыргыз эли илгертеден эле бөбөктүн эмгектей башташы, каз – каз турушу, баса башташы үчүн абдан камкордук көрүшкөн. Жаш келиндерге балдарын багууга, тарбиялоого байбичелер, бала багууга өтө жөндөмдүү аялдар жакындан жардамдашышкан. Бала тамтаң – тумтаң баса баштагандан тартып, ага атайын чыгырык жасап, баланы чыгырык менен жетелеп бастырышкан. Чоң ата, чоң эне, ата – энелер баланын баса баштаганына кубанып, тушоо кесүү тоюн өткөрүшкөн. Тушоо кесүү тоюн өткөрүүгө атайын даярданышкан. Той салт боюнча көбүнчө шаршемби күнү өткөрүлгөн. Ага катышуу үчүн айыл аксакалдарынан баштап балдарга чейин чакырылган. Тойго келгендерге атайын дасторкон жайылып, сый көрсөтүлгөн.

А.С.Пушкин атындагы мектеп-гимназиясынын 6/Г-классынын окуучуларынын ата-энелери “Ата-энелер мектеби” долбоорунун алкагында кыргыздын улуттук каада-салтын, маданиятын жана нарк-насилин балдарга көрсөтүп-үйрөтүү максатында тушоо кесүү аземин чакан иш чара катары кадимкидей өткөрүп беришти. Иш чара жогорку деӊгээлде өткөрүлүп, анын жүрүшүндө балдар эстетикалык жана нравалык тарбия ала алышты. 6/Г-классынын окуучулары иш чаранын башталышынан аягына чейин катышышып, төмөндөгү суроолорго жооп алышты

- Эмне үчүн баланын бутуна ала жип байланат?

- Бадырак деген эмне?

- Элибизде эзелтен бери ак батага маани берип, бата алганга умтулуп келишкен. Батанын кандай мааниси бар?



Баланын тоюн өткөрүү үчүн той башкаруучу дайындалат. Жарышты баштоочу жер жана мара белгиленет. Башкаруучу тойго келген аксакалдарды баш кылып эркектерди, аялдарды маранын айланасына, жердин шартына жараша катар отургузат. Жарышка өңчөй уул балдар же кыздар катышат. Чоң кишилерди жарыштырган учурлар да болот. Тушоосу кесилүүчү баланы таза кийинтип, марадан 10 – 15 метр алыстыкта атасы же апасы, же болбосо айыл аксакалдарынын бири эки бутун ала жип менен тушап кармап турат. Башкаруучунун жардамчылары жарышка катышуучуларды чуркай турган жердин башталышына алып барып тизет да, чуркоого белги берет. Башкаруучу болсо марада турат. Жарышка катышуучулар марага жарышып чуркап келишет.

Баланы атасы же апасы кармап турса, тушоону жарышта биринчи болуп келген бала кесет. Тушоону кескен бычакты же макини ошол кескен бала алат.

Баланын тушоосун аны кармап турган карыя адам кессе, ал балага “өмүрүң узун болсун, өнүп - өс, келечегиң кең болсун, элиңдин ишине жара, ата – энеңдин сыймыктанган уулу же кызы бол!” – деген сыяктуу жакшы сөздөрү менен батасын берип, тушоосун кесет. Марага келгендерге келүү кезегине жараша белгиленген байгелер берилет.

Андан кийин тушоосу кесилип жаткан бөбөктүн үстүнө жаба мурунтадан ата – энеси даярдап койгон чачыла чачылат. Чачыланы тойго катышкандар талап кетишет. Чачыла деп момпосуй, кант, боорсок ж.б. ушул сыяктуулар аталат.

Баланын тушоосу кесилгенден кийин, аны жаш балдар колтугунан сүйөй кармап, тай – тайлап жетелеп, “ сен да биздей жүгүрүп жүргүн!” – деп тилек, каалоо сөздөрүн айтышат. Ошентип, тушоо кесүү тою аяктайт.

Баланын тушоосун бешик үйдө (ясли) да кесүүгө болот. Бөбөк тарбияланып жаткан тайпанын тарбиячысы баланын ата – энеси менен бирдикте тушоо кесүү салтанатына даярдык көрөт. Ага бакчадагы бардык тарбиялануучулар чакырылат. Тайпанын тарбиячысы келгендерди катарга тизип тургузат. Жарыш башталчу жер жана мара белгиленет. Жарышка катыша турган 15 – 20 тарбиялануучу тандалат. Оюнчулар жарышышып, марага чуркап келишет. Баланын тушоосун биринчи болуп чуркап келген тарбиялануучу кесет. Марага келгендерге келүү кезегине жараша байге ыйгарылат. Байгеге оюнчук, дептер, карандаш, калем сап ж.б. берсе болот. Тушоосу кесилген баланы биринчи жана экинчи келген тарбиялануучулар колунан жетелешип, “ сен да бизге окшоп жүгүрүп ойноп жүргүн “, - деп, тай – тайлашат. Бөбөктү тай – тайлаган тарбиялануучулар аны ата – энесине алып келишет. Баланын ата – энеси анын боюнан ылдый чачыла чачышат. Чачыланы салтанатка катышкандар терип алышат. Салтанатты ыр – күү коштоп турса абдан көңүлдүү болот.



Бадырак менен таанышып, даамын татуу…



Алмустактан бери келе жаткан улуттун уюткусун кармаган салттарыбыздын сакталышы жана жайылышы азыркы коомго өтө керек. Дүйнөлөшүү шарданынын шар суусуна агып кетпей, кылымдап келген салт нускаларды сактап, аны заманга бап келтирип колдоно билүүгө үндөө керек. Салт-санааларыбыздын биз билип биле элек сырлары, тактап айтканда, эзелтен кыргыздар тушоо кесүү тоюн эмне себептен өткөрүп келгендиги тууралуу айтып беребиз.

Кыргыз эли илгертеден эле бөбөктүн эмгектей башташы, каз-каз туруп, там-туң баса башташы үчүн абдан камкордук көрүшкөн. Жаш келиндерге балдарын багууга, тарбиялоого байбичелер, бала багууга өтө жөндөмдүү аялдар жакындан жардам кылган. Бала там-туң баса баштагандан тарта ага атайын чыгырык жасап, жетелеп бастырышкан. Чоң ата, чоң эне, ата-энелер баланын баса баштаганына кубанып, тушоо кесүү тоюн өткөрүшкөн.


Той салт боюнча көбүнчө шаршемби күнү өткөрүлгөн. Ага катышуу үчүн айыл аксакалдарынан баштап балдарга чейин чакырылган. Тушоо тойго келген кадырлуу аксакал колдонула элек жаңы бычагын, ал эми байбиче жүндөн ала жип эшип той ээсине тапшырган.

Алгач тушоосу кесилип жаткан наристенин бутуна ак менен кара жүндөн эшилген жип чалып байланат. Бул жип сөзсүз эле койдун жүнүнөн жасалган эмес. Эгер бул кааданы жасоо убактысы кой кыркым мезгилине туш келбей калса, ала жипти куйрук жүн, шакмар, такым сыяктуу жүндөрдөн жасашкан.

Наристенин бутуна тушоо катары байланган ак менен кара түстөгү жиптин да өз мааниси бар. Кыргызда турмуш деген бир кылка болбойт, кандай болгон күндө дагы барга да, жокко да бирдей карап, ак-караны бирге алып жүр дегенди түшүндүрөт. Тушоо кесүүдө анын мындан аркы жолу шыдыр болсун, ар дайым барган жеринде жакшылык жылоолосун, артка тарта турган эч кандай тушоо болбосун деген маани жатат. Тушоонун жиби чырмалышып турат. Мааниси жагынан алганда - бул чырмалган белги адамдын ДНКсынын түзүлүшү менен байланышып турат.

Баланын тоюн өткөрүү үчүн той башкаруучу дайындалган. Жарышты баштоо үчүн жер жана мара белгиленет. Башкаруучу тойго келген аксакалдарды баш кылып эркектерди, аялдарды маранын айланасына, жердин шартына жараша катар отургузат. Жарышка жаш курагы тең балдар же кыздар катышат. Чоң кишилерди жарыштырган учурлар да болот. Тушоосу кесилүүчү баланы марадан 10-15 метр алыстыкта атасы же апасы, же болбосо айыл аксакалдарынын бири эки бутун ала жип менен тушап кармап турат.

Топтун алдында жарпы жазылып, абдан бир көңүл толкуган акыбалда келип туруп, ымыркайдын тушалуу турган бутундагы жипти шарт кесет. Андан кийин ошол биринчи келген адам ымыркайды колдон алып тушоосу кесилгенден кийинки алгачкы кадамдарын тең бөлүшө жетелеп басат. Демек, дал ушул тушоо кесүү тоюнун түпкү маанисинде ошол бардык атаандаштарын артка калтырып, жеңүүчү болгон адам менен ымыркайдын жан дүйнөсү жанашып, бардык кемчиликтери түздөлүп кетсин. Так ошол күлүк бала сыяктуу мындан аркы жашоосунда дагы, элден артта калбай башын сыймыктуу көтөрүп, ар дайым алдыда жүрсүн деген ой жатат. Тушоо кесилген соң тойго келген наристенин атасы жактан келген эң улуу адам же болбосо айыл аксакалы бата берүүгө тийиш.


Колдонулган адабияттар:

Маалымат булагы: Токторбаев Саты "Өспүрүмдөр оюндары".

https://www.super.kg/kabar/news/225847/