Ата –энелер чогулушунун № 1 протоколу
Куну: «________»___________2023-2024-жыл
Бардыгы: _________
Катышты: ___________
Катышпады: __________
Тема: Математика сабагын мектеп компонентине киргизүү боюнча маалыматтар,сунуштар жана ой пикирлери”
Каралуучу маселе:
1.Математика сабагын киргизүү:
2.Математика сабагынын окуучулар үчүн пайдалуу жактары:
1. “Б.Мергенов”атындагы орто мектебинде ата-энелер чогулушунда “Математика сабагын мектеп компонентине киргизүү боюнча маалыматтар жана ой-пикирлер мектеп директору Ибраимжан Гайназаров тарабынан сунушталды.Чогулушка келген жалпы ата-энелер жана ата-энелердин атынан Абдираимова Рахима сөз сүйлөп,жакшы ой-пикирлерин айтуу менен бир добуштан колдошту.Ошентип директордун Гайназаров Ибраимжан жана жалпы ата-энелердин чечими менен 8-класстар үчүн жумасына 1 саат,жылына 34 саат “Математика мектеп компоненти “сабагы киргизилди.
2. Математика мектеп компоненти сабагын окутуунун негизги максаты: Окуучулардын жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо болуп эсептелет.Математика компоненти сабагын календардык планы “СЕКОМ” билим берүү мекемесинин китеби менен түзүлгөн.Мында окуучулар ар бир үчүнчү сабакта тест менен иштешет.Бул аркылуу окуучулар математика жана тест менен көбүрөөк иштеп, ЖРТга даярданышат.
ТОКТОМ КЫЛДЫ: 1 .”Б.Мергенов”атындагы орто мектебинин директору И Гайназаров 2023-2024-жылдын 28-август 8-класстар үчүн “Математика мектеп компоненти” сабагы жумасына 1 саат,жылына 34 саат киргизүүгө токтом кылды.
2. Математика мектеп компоненти сабагына календардык – тематикалык план түзүлүп,окуучуларга математикалык эсеп жана тест менен көбүрөөк иштөө менен жалпы респубиликалык тестирлөөгө даярдоо үчүн окуу программасын кабыл алууга токтом кылынды.
Ата-энелердин аты-жөнү жазылып,колдору коюулуп тиркелет.
Торага:
Катчы:
Б.Мергенов атындагы орто мектебинде өтүлүүчү жалпы ата-энелер чогулушунун 2024-жыл 29- апрелдеги жыйындын ПРОТОКОЛУ №__________
Кара-токой айылы 29-апрель, 2024-жыл
Ата энелер - 56
Мектеп жааматы - 20
Катышуучулар: Мектеп директору Ибраимжан Гайназаров,окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Турдүгүл Ормонова,соц педагог Көлчүбек Амираев,уюштуруучу мугалим Гүлсайра Минбаева.
Күн тартибиндеги маселелер:
1.Өспүрумдөрдүн көйгөйлөрүн чечүү жана кылмыштуулукту алдын алуу.
2.Мыйзамсыз акча жыйуулардын алдын алуу,табият койнуна чыкпоо,акыркы конгуроо салтанатына бал көйнөктөрдү кийбөө,картеждер менен табият койнуна чыкпоо,каникуль мезгилинде көлмөлөргө түшпөө.
Угулду:
Сөз Б.Мергенов атындагы орто мектебинин директору И.Гайназаровдо
Кымбаттуу мугалимдер! Ардактуу ата-энелер!Кутмандуу күнүнүздөр менен!
Бүгункү чогулуштун аркасы менен ар бир үй-бүлөгө тынчтык,ынтымак,бакубат жашоо каалагым келет.Балдар деп чогулупжатабыз.Ошол балдарыбыз аман болсун,билимдүү,ыймандуу,ырыс-кешиктүү болуп,келечекте сиздер ишенгенэл,бүткүл кыргызстан ишенген адамдардан болсун!Жалпы ата-энелерибизге өзүмдүн атыман жана жалпы жааматтын атынан ыраазычылык билгизем.
-Азыр билим берүү системасында олуттуу реформа жүрүп жатат,анткени элдин ан-сезими,социалдык абалы өзгөрүүдө.Мурдагы социалистик идеологияга негизделген тарбия актуалдуулугун жоготту.КМШ курамына кирген өлкөлөр дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине кирүүгө багытталган жаны билим берүү системасын түзүү үчүн тарбиялоонун жаны формаларын,жаңыча мамилени,жаңы мазмунду,жаңы технологияны түзүүнүн жолдорун издеп жатышат.Бул процесс педагогикалык теорияда жана практикада олуттуу өзгөрү менен ишке ашууда.Жаңы билим берүү программалары түзүлүп,тарбия сааттардын жаңы мазмуну түзүлүүдө,балдардын мурдагыдан башкача тартипке үйрөтүү керек экендигин коом түшүнүүдө.
Кылмыштуулуктун алдын алуу биздин мектепте тушундурүү иштери жүргузүлуп,келүүдө.ИДН кызматкерлери апта сайын келип,7-8-9-10-11-класстар менен жолугушуп турат.Биздин мектепте каттого алынган балдар жок.Кыздар арасында” Эрте никеге туруу” жөнүндө кыздар советинин төрайымы Мергенова Салима чогулуштарды ар айдын биринчи аптасында чогулуш өтүп турат.
Акыркы конгуроо салтанатына акча жыйноо,картеждерде табият койнуна чыгуу,түнку отуруштарга барууга тыюу салынды. ,Ушул айтылгандарды көзөмөлдөө участка жетекчилерине жүктөлгөндүгү ата-энелерге айтылды.Ар бир класс жетекчи 3тараптуу келишим түзүп,окуучуллардын өздөрунө,ата-энелерине да колдорун койдуруп,келишим менен таанышып чыгышкан.
Жарыш сөзгө: соц педагог К Амираев: Биздин мектепте каттоодо турган бир да,окуучу жок. Ата-энелер ар бир баланын коопсуздугун дайыма көзөмөлдөп турсаныздар жакшы болот.Дайыма мектеп менен байланышып турсаныздар деген үмүттөмун.Жашы жете элек окуучуларга машина айдоосуна өзгөчө көңул бурсаңыздар.Айыл ичинде көпчүлүк учурда балдардын машина айдаганына туш болобуз.
Жарыш сөзгө: Т.Ормонова Саламатсыздарбы кымбаттуу ата-энелер,кош келиниздер.Биздин окуучулар өз укуктарын абдан мыкты билишет,ошол сыяктуу эле милдеттерин да толук билишип,мектепке өз убагынан кечикпей келишип,коомдук иштерге активдүү катышышса,ар дайым форма менен,китептери толук,күндөлүк,дептерлери менен келип билим алышса өздөрүнүн башка нерсеге убактыысы болбойт беле деп ойлойм.Менин сиздерден суранычым эрте менен мектептен кечиктирбей жиберип турсаныздар.
Сөз Жапарова Катча ( ата-эне)
Кутман кун эже-агайлар,ата-энелер.Чынында эле азыркы учурдагы көйгөй телефон болуп жатат.Үйдөн өзүбүз телефондун эң кымбатын сатып берип,ай сайын бирдик салып берип жатабыз анан кеч киргенде укта деп урушуп калабыз.алар менен жогоруда эжейлер айтмакчы келишим тузуп саат ондон кийин алып туралы,уктап эс алышып,сабакты жакшы түшүнүүсү үчүн.Өзүбүз да жоопкерчиликтүү болушубуз керек.
Ата-энелер чогулушу жогоркуларды угуп жана талкуулап
Чечим кылат:
1.Окуучунун жүруш-турушун,көзөмөлдөө жагы ата-энелерге жана акыркы конгуроо күнү ар бир микроучаска жетекчилерине милдеттендирилсин.
2.Ушул чечимди көзөмөлдөө жагы ОББ Ормонова Турдүгүлгө тапшырылсын.
Чогулуштун төрагасы: И. Гайназаров
Катчысы: Т.Ормонова