Просмотр содержимого документа
«Ат атоочтун жазылышы»
Саламатсыңарбы?
Жаңы күнүңөр жагымдуу жана берекелүү болсун.
Ат атоочтун жазылышы.
1.Шилтеме ат атоочтордун эки түрдүү (кыска жана толук) жазылышына жол берилет: бу-бул, тиги-тигил, ошо-ошол, ушу-ушул, кайсы-кайсыл, мына бу(л), мына ушу(л).
Төмөндөгү шилтеме ат атоочтор бирге жазылат: тээтиги-тээтигил.
2.Сурама ат атоочтун жана сурама ат атоочтор катышкан сүйлөмдөрдүн аягына суроо белгиси коюлат. Мисалы, Балдар качан келишти? Алар кайда барышты? Эмне жумуш кылышты? Китебиң кана?
Күчөтүлүп айтылган кээ бир сурама ат атоочтор бирге жазылат жана сүйлөмдүн тизмегинде суроо белгиси коюлбайт. Мисалы, капкачан, капкайда, капкайдан.
3.Эч деген тангыч бөлүкчө менен сурама ат атоочтордун айкалышынан түзүлгөн тангыч ат атоочтор бөлөк жазылат: эч ким, эч нерсе, эч качан, эч кандай.
4.Эки же андан ашык сөздөрдөн түзүлгөн аныктама жана белгисиз ат атоочтор арасына дефис коюлбай бөлөк-бөлөк жазылат: ар ким, ар нерсе, ар кайсы, бир нерсе, бир канча, кээ бир, кайсы бир, кандайдыр бир, ар качан.
5.Бир сөзү маанисин жоготкон тангыч ат атоочтор, аныктама ат атоочтор, белгисиз ат атоочтор бирге жазылат.
6.Өз деген аныктама ат атооч, ким? деген сурама ат атооч кайталанып айтылса, арасына дефис коюлуп жазылат: өз-өзүнө, өз-өзүбүз, өзүн-өзү, ким-кимди, кимдин-ким.
Ат атооч маанисине карай алтыга бөлүнөт.Ар бир түрүнө төрттөн мисал жазгыла.
Даярдаган:Т.Кулатов орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Жороева Жазгүл.
Саламатта калгыла.