СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ашуудан берген отчётум

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

"Ашуудан берген отчётум" китеби

Просмотр содержимого документа
«Ашуудан берген отчётум»

АР КЫЛ ЫРЛАР ЭЛГЕ КАЙРЫЛУУ Жебедей учсам -дечү элем Жел менен кошо сызыла. Жеңил баа кылдым өзүмдү Жете албай максат учуна... Желбей да калдым бир топ жыл «Жем» түшүп кетип бутума. Жеңил баа жагым жел айдап, «Жем» түшкөн бутум айыкты. Жакшылап чуркап бергим бар, Жакынбы мараң алыспы... Саяпкер элим таптап көр Сагынып калдым жарышты. Жаман ыр жазсам күйүнтүп, Каргасаң дагы сен карга. Жакшы ырды жазсам сүйүнтүп Жалгасаң дагы сен жалга. Булбулсуң — десең мен булбул Каргасың — десең мен карга. ЭЛҮҮ ЖАШ Метрикам жок, так чыктымбы элүүгө Мезгили өтүп калп чыктымбы элүүгө. Айтор билбейм... атам, энем өлбөсө Айтып бермек менин жашым жөнүндө. Кайсы жылы, кайсыл айда төрөлгөм, — Билбеймин — дейт сурап көрсөм жеңемден. Кайдан билсин, мен оозанып жатканда Он бештеги келин экен кедейген. Не болсо да жашсыз адам болобу... Мен өзүмдү байкап көрүп оболу, Болжоп туруп коюп алгам датасын Же төмөндүр, же кеткендир жогору. Чынбы, калппы, чыктым эми элүүгө Кайтты жаштык, калды элеси көңүлдө. Уул үйлөнтүп, кыз узатып үйүмдөн Неберем бар, кайнатамын келинге. Менин бактым, менин баркым элимде Мен даярмын элиме иштеп берүүгө Карт акын — деп айтса дагы кай бирөө Халтурщик — деп айтпаса экен өмүрдө. Кана эмесе, эр ортону элүү жаш Кайра келбейт мен өткөргөн элүү жаз. Алтымышка аттангыча бир болуп Аз сүйдүрүп, көп жаздырып көңүлдү ач! ЫРЛАРЫМА Ортокмун, жыргалыңа, азабыңа, Ырларым жөнөй бергин сапарыңа. students.com.kg 3 Силерди өзүм үчүн жазган жокмун Эл -журттун арасында жашагыла. Байкабай түн киргенин таң атканын, Баарыңды уйку көрбөй жараткамын. Эл караган бетимди жер каратып Окуган окурманды жадатпагын. Кээ бириң эл көңүлүн алаарсыңар, Жүздөгөн жүрөктөрдө жанаарсыңар. Кээ бириң өлүү түшкөн күчүккө окшоп, Керексиз таштандыда калаарсыңар. Силерди жан дүйнөмдөн жасап алдым, Беремин балбандарын баталардын. Кайгырсам силер менен бир кайгырып, Жашарсам силер менен жашараармын. Туурабай чардаганын бакалардын, Ар бириң өз алдыңча атак алгын. Учкула уяңардан перзенттерим, Силердин атаңармын, апаңармын. ОКТЯБРЬ МАЕГИ (Октябрдын 60 жылдыгына) Курбуга, сырдаш кишиге, Кубанчын айтат ар адам. Курагың өйдө болсо да, Курдашсың жакын санаган. Кунт коюп менин сөзүмө, Кулагың тоскун жан агам. Ак кыроо туруп чачыңа, Аксакал болгон убагың. Алтымыш жашка келсең да, Алиге күчтүү дымагың. Жыйырма беш жылгын кезиңден Жылбасаң экен ылайым... Олтурсаң, турсаң ар качан, Октябрь менен теңмин деп. Ошонун алгач нурунан, Оозанган киши менмин деп, Паспортуң ала чуркайсың, Бардыгын байкап көргүн деп. Айтканың туура агажан, Октябрь таңы атаарда, Ак калпак кыргыз элине, Алтын күн нурун чачаарда, Апкелг ен сени дүйнөгө, Акылдуу экен апаң да. Өлкөбүз үчүн, эл үчүн, Өзү эле туруп катарга, Лениндин болуп солдаты, Кайышпай кандуу сапарда. Айыгышкан жоого чуу салган, Азамат экен атаң да. Аа өзүң болсоң кечээки, Алаамат кыргын жылдарда, Совет калкын сором деп, Оп тартып Гитлер турганда, Фронтту көздөй жөнөдүң, Биригип түрлүү тууганга. Беш атар мылтык асынып, Мекен! — деп ураан чакырып, Алактап айрым коркоктой, students.com.kg 4 Окопто жатпай жашынып, «Манас!» — деп ураан чакырып, Фашистти кирдиң жапырып. Асмандан, жерден, суудан да, Ажалдар колун сунганда, Жети баштуу желмогуз, Жээлигип, жиндеп миң кайра, Жер шарын бүткүл ээлейм деп, Жеңиштен үмүт кылганда, Омоктуу арка -бел тутуп, Опол тоо орус агаңды. Кордукту көргөн көп улут, Көркоодон өчүн ала алды. Көпчүлүк менен сен дагы, Көрсөттүң эрдик чамаңды. Ал кезден бери агажан, Арадан эчен жыл өттү, Күжүрмөн калкы Лениндин, Күн-түндөп түрүп билекти, Кайрадан баарын кастарлап, Кан күйгөн жерге гүл экти. Ар жеңиш баскан кадамы, Ай, күнгө жеткен кабары, Жолтоолук кылбай баш ийип, Жол берген туш -туш тарабы, Ааламдын өзүн таңгалткан, Алп экен совет адамы. Жол баштап Улуу партия, Жомокто жокту жараттык. Космостун койнун аралап, Ай тургай, андан ары аштык. Дүйнөнүн элин дүң кылып, Түп көтөрө саматтык... Чыгышы Чукот аралы, Батышы Балтик деңизи, Түндүгү Муздуу океан, Түштүгүн Кушка дейличи... Ушундай Улуу Мекенди, Жаңыртып жатат эл күчү. Ошонун бири кыргыз эл, Оймоктой кооз жерде өскөн. Октябрь чачкан нур менен, Өмүрү кайра эр жеткен. Чаалыкпас буудан сыяктуу, Чапса эле чыгат мелдештен. Карачы ага, карачы, Тоолуктун тоосу, талаасы. Байыркы кездин бири жок, Байлыкка толуп арасы. Павлин куштай кулпунуп, Баратат кыштак, калаасы. Октябрь менен төрөлүп, Октябрь менен көгөрүп. Уламдан улам бийикке, Спутник болуп жөнөдүк. Узарды канат -куйруктар, Улуттук кадр көбөйүп, Кырылып келген көп кылым, Кыргыздар элек аз санда. Эркибиз менен г үлд өдүк, students.com.kg 5 Эркиндик таңы атканда. Эми мен кантип кубанбайм, Эки миллиондон ашканга! Тоскоолдук кылчу душман жок, Досторго толду төрүбү з . Бир тууган он беш Чолпондун, Бирөөсү болду элибиз. «Тоодо өскөн жапа н» дегенди, Тоотпой калдык эми биз. Айтасың дайым агажан, Октябрь менен теңм ин деп, Ошонун алгач нурунан, Оозанган киши менм ин деп. Өмүрдү дагы сүрө бер, Октябрь менен тең гүлд өп. Кут болсун күтк өн багыбыз, Кубанып турган чагыбыз. Алтымыш жашка чыгабыз, Жеке сен эмес, баарыбыз. Майрамды күтөт балабыз, Майрамды күтөт карыбыз. Унутпай ушул датаны, Урматтап тосуп алчу көп. Ойлонуп көрсөк дүйнөдө Октябрдын баркы көп. Биз тургай улуу бул күндү, Майрамдайт бүткүл континент. Жарыгын бүткүл ааламга, Тарата берсин Октябрь! Жаңылык, Бакыт, Тынчтыкты Жарата берсин Октябрь! Жандуунун жаркын жүзүнө, Жараша берсин Октябрь! КОМПАРТИЯ Көксөгөнгө жол көрсөткөн ап -айкы н Комнарт ия сен акылман атамсың. Сенин ишиң элге, жерге тамырлаш Сенин оюң кир чалбаган таза алтын. Сенин жашың че неми жок чексиз жаш Кылым кыркып кыйла жолду басаарсы ң . Атлантида ак кар, муздан арылып, Жашыл токой жай болго нчо жашайсы ң . Жексен болуп жер шарынын чатагы Жерд и каптайт коммунизм атагы. Капитализм кашка т иши шылкылдап Калч, калч этип карыганча жашады. Жетет эми, желмогузду жер сорсун Канча элдердин кабыргасын матады... Ленин туусу жерде, көктө желб иреп, Жерде көктө жеңиштерди жасады. Компартия, өмүрлөрдү узарткан Өзүң гана дүйнө элинин жаз айы. Аалам Күнүн улуу десек өзүңд ө н Анын сенсиң биринчи орунбасары. ЖАШАСЫН Башында Маркс, Энгельс болуп жардам, Жардамды жандандырып Ленин багбан. students.com.kg 6 Орнотту өлкөсүнө соңиализм Элдерд ен эң биринчи орус балбан. Күрдөөлдүү улуу жеңиш албан, албан, Күн - т үндөп к үрөшпөсө болсун кайдан... Дүйнөгө туу көтөрдү эркиндикден Элдерден эң биринчи орус балбан. Таңгалып акылына бүткүл аалам, Таңгалып эрдигине бүткүл адам, Космостун коюнуна колун салды Элдерден эң биринчи орус балбан. Канатын Ленин изм жайган кези, Жакындап коммунизм калган кези. Көргөндөр көккө ыргытаар тебетейин Көп эңсеп көрбөгөнгө арман дечи... Барабыз улуу максат — ал чоң үйгө. Баарыбыз толкуп жүрөк, толуп билек... Элд ерге башчы болуп эң биринчи Лентасын орус кесип, орус кирет. Тозоктон бошотууга жердин жүзүн Топтогон Жеңиштерге элдин күчүн. Жашасын Компартия, улуу орус! Жашасын Марксизм - Л енин изм! ТҮШҮМД Ө Түшүмдө Ваши нгтон калаасында Жүрүпмүн түрлүү элдин арасында. Ак, сары, каралардын каткырыгы Оболоп Айга, Күнгө жанашууда. Кыз, жигит бирин -бири ызатташып Баратат кең көчөдө кучакташып. Кара чал ак кемпирге айтып жатат Башынан өткөндөрүн бутактатып. Ураалап үндөр чыгат «Достук» — деген Дүйнө эли тилекти бир коштук деген. Капшырып капиталдын кабыргасын Түбөлүк тургус кылып соктук — деген. Мен дагы толкунданып кетсем керек Жүрөгүм кубангандан элеп -желеп. Ак үйдүн төбөсүнө көзүм салсам Желбиреп турган экен кызыл желек. Ак үйгө кирээримде жаңы жетип Ойгонуп тура калсам чоочуп кетип, Жанымда жайнаган эл, шаарда жок Аялым уктап жатат «быш -быш» этип. Кайрадан көргүм келип түштүн соңун Көз жумдум эл алдында сүйлөйүн деп. А бирок уктабадым, «таттуу түштүн Аягын бузуп алып жүрбөйүн» — деп. Кубанын ору ндаткан таттуу оюн, Кубанып тандап тапкан басчу жолун, Куба деп сөз кылганда, эң биринчи Элеси эске түшөт Кастронун. Эл үчүн эрди төрөп энекеси students.com.kg 7 Кубанын ашып, ташты берекеси. Кубанын эли баатыр, жери сүрдүү Комдонгон крокодилдей кебетеси. Баатыр эл таң калдырып жердин жүзүн, Сүрдүү жер эки эселеп элдин күчүн, Коңшусу Кошмо Штатты келекелеп Орнотту өлкөсүнө соңиализм. Пентагон турнабайга көзүн салып Эркиндик аралын бир карап алып; — Чекеме чыккан чыйкан болдуң го — деп Калчылдайт канжар мизин жалап алып. Жалансын, жанталашсын, калчылдасын, Кесе албайт кеменгердин алтын башын. Көп элге өрнөк болуп баатыр Куба Көрсөтөт эркиндиктин жаркын жазын! ТИЛЕК Күзгүдөй жүзү тазарып Күп күтөт күндө тазалык. Океан, көлгө көп түшүп Ар дайым турат жашарып. Тоотпой толкун агымын, Өчүрбөй, суутпай жалынын, Ааламга чачып келатат Азайбас нурун — жарыгын. Жадырап дайым турса экен Жарыгын алган жер шары. Кок асты, жердин үстүндө Көбөйсө экен эл саны. ЖЕР - ЭНЕНИН БАЛДАРЫНА Миллиардтаган балдарын Бир бала көрүп жөн эле... Күлкүсүн укса кубанып Күн, Айга башы теңеле, Көз илбей күн, түн алпечтеп Көтөрүп турат Жер — Эне. Учкундан күчөп жаңжалы, Урушса кээде балдары Ырыстуу, ыйык төшүнө Төгүлүп жатса кандары, Санаага чөгүп кайдагы Шалдырай түшөт дарманы. Оодарылып кетсем — деп Ойлосо дагы жүз ирет, Баа жеткис асыл жүрөгү Балдардан тынчтык күтүнөт. Ачуусу абдан келгенде Аз аздан коёт титиреп. Акылдуу балдар эненин Ал жайын сурап карашат. Айбан мүнөз балдары «Өрттөнсө» — дешип самашат students.com.kg 8 Ошондон улам Жер — Эне Оорукчал болуп баратат. Акыйкат туусун көтөргөн Ак, сары, кара туугандар, Түбөлүк улуу максатка Кошулуп колун сунгандар, «Тынчтык» — деп ураан салгыла Тынчтык бар жерде жыргал бар. Жашатка н жалгыз энени Сүйүнтө дагы билел и... Жарашкан, жаккан көрк менен Кийинте дагы билели Эненин биз — дейт жүрөгү, Эненин биз — дейт тилеги. Эстелик — эрдик бул жерде Эл өтпөйт күндө көз салбай. Баяндап согуш жылдарын Баатырлар турат бет маңдай. Бузуку жоону буй кылган Бир инин сүрү көзүндө, Пулемёт жаагын сындырган. Биринин сүрү төшүндө. Турушат алар күн күзөп. Турушат алар түн күзөп. Баатырлык, даңкы бул кезде Баштагы кезден миң күчөп. Сүйүүсү менен бирге ороп Кыз келип кызыл гүл коёт. Карт эне жашын кылгыртып Карайт, карайт тим болот. Турушат эрлер түн -күнү Душманды кууган сүр менен. Ураалап -коюп кез -кезде Биз укпаган үн менен. Турушат эрлер сүйлөшүп, Турушат алар бет маңдай. Өмүрү өчпөс эстелик Өлгөн жок алар эч кандай! ОРУС АГАГА Дүйнөдө түрлүү улут көп Баары эле досум, тууганым. Ошолордун ичинен Ойлонуп айтсам чын жагын, Өзгөчө жакын сезилет Орусум менин Иваным. Жатындаш агам сыяктуу Жабыксам көөнүм көтөрдү Жөлөгүм болуп оорусам Жөтөлсөм кошо жөтөлдү. Жылуу сөз, жумшак мээрими Жылытты жүрөк, чекемди. Ар түрлүү катаал жылдарда Ач болсом ооп шайым көп, Оңолот турмуш аз аздан Ойлобо курсак камын — де п Токочун берди тең бөлүп Тоодо өскөн Кыргызбайым — деп. students.com.kg 9 Кө птөгөн мендей иниге Көз кырын салып ар дайым Келечек жактан кеп козгоп. Кээ бирде сурап ал -жайын, Кеңешин берип керектүү Көрсөтүп келет жардамын. Аны мен улуу байкем дейм, Ал мени боордош иним дейт . Мен анын үйүн, үй десем Ал меникин үйүм дейт. Өңүбүз гана болбосо Өзгөбүз такыр билинбейт. Таланты, акыл, эрдиги Даңкталып дүйнө жүзүндө. Партия чапкан жол менен Баш болуп улуу -кичүүгө, Баатыр эл бизди ээрчитип Баратат коммунизмге. ЖООКЕРГЕ КАТ Кандай уулум, армиялык абалың Эр жеткен соң эл коргоог о жарадың. Андай болсо алып койгун жаш жоокер Айылдагы карт жоокердин саламын. Кандай уулум, мактанычым, сыймыгым, Каалайм сага ден соолуктун чындыгын. Меникинен так аткарып жүрө көр Менден сүрдүү командирдин буйругун. Чыңап бойду, чыдай билгин кыйынга, Кыйындыкты жеңген киши кыйын да... Мекен үчүн шинели жок көйнөкчөн Эл жиберсе эрдик көрсөт уюлда. Атаң жатат буурул теке баштанып, Азбы, көппү ыр планын аткарып. Апаң жүрөт, баарыбызга кожоюн Адатынча үйдүн ичин башкарып. Кош, жаш жоокер салам сага энеңен, Энең сени, эр болсун деп төрөгөн. Келсең үйгө, келиндүү да болоорбуз Түшкө кирет ээрчип жүрчүү неберем. ТО ЙДОГУ СҮЙЛ ӨШҮҮ — Ээ балам! Эмне болуп баратат Эл аралык са жат? Караңгы түн каптаган Жерге качан таң атат? Кайгы менен күнү өткөн, Элге качан таң атат? —Ашыкпагын аксакал, Ар өлкөдө таң атат. Ошол таңды Күн эмес, Коммунисттер жаратат. Жер жүзүнөн ошол таң, Кайгы, азапты таратат. Эл тилеги ишке ашат, Сенин тилек, оюңдай. Эсеп жеткис той болот, Сенин берген тоюңдай. Жайнайт анда бүт дүйнө, students.com.kg 10 Сенин дасторконуңдай. НЕГР ОЙЛОЙТ Бийигинен үйүнүн башы айланган, Байлыгынан өзүнүн башы айланган, Миллиардер бирөө жашайт Нью-Йоркто, Уюна, жез, итине алтын тиш салган. Бороон жүрсө кулай турган баштанып, Үйү турат айнек көзү чакчайып. Өзү болсо отузунчу кабатта, Окшуйт улам кусаарына аз калып. Бороон менен дос болушуп жеке эле, Моюндашып негр турат көчөдө. Негр ойлойт: баш айлантпай «байкуштар» Күм-жам болуп куланса экен тез эле... НЕГР ЖАНА БАЛЫК Жатты балык көл жээгинде кургакта, Окторулуп оозун ачып бир канча. Аз-аз гана мүнөт калган окшоду, Ал байкушка ажал колун сунганча. Негр ойлоп тизесине сүйөндү, Балык менен бар максаты бир өңдүү. Керек экен мага эркиндик, сага суу, Деди дагы көлгө таштап жиберди. Кетти балык чала сүзүп оңолуп, Кетти балык көк мейкинге жоголуп. Негр турду эркиндик деп күбүрөп, Батаар күндүн кызыл нурун боёнуп. КАРА БАЛА, АК БАЛА Кечке маал жолдо кетип баратып, Кежилдешти кара бала, ак бала. Агы сөгүп, шылдың кылып караны, Минтип айтты атасындай мактана: — Сен бир шордуу, тирүү жүрөм дебесең, Сенсиң менин ээрчип жүргөн көлөкөм. Карасы айтты. — Ээрчиир бекем, жок бекем, Кудай жалгап менден мурук сен өлсөң... БЕЙТААНЫШКА Таанышымдай жакын келип, Тамыр тартып сүйлөйсүң... Эл аралык сажатта, Жеңип чыгат ким? — дейсиң. Уккуң келсе, унчукпастан, Ушул ойго берилгин. Жеңип келген, жеңип чыгат, Идеясы Лениндин. ЖАРЫЛБАГАН БОМБА students.com.kg 11 Бир кездеги фашисттердин бомбасы, Биздин элди кырбаганга өкүнүп, Жарыла албай, жаны чыкпай түпкүрдө, Жаткан экен фашист болуп бекинип. Куйругунан курчай байлап бекемдеп, Желдетти биз жер үстүнө кайта алып, Адегенде алып туруп суракка, Атып салдык алыс жакка алпарып. Жети кабат көк үстүндө жойлосун, Жети кабат жер алдында сойлосун, Ка нкор фашист кутулбасын ойлосун, Талкандайбыз кайда гана болбосун! БИЛИМ ЖӨНҮНДӨ Илгери кээ бир кезде керек болсо Айылдан айылдарга ат чаптырып. Арабдын ариптерин билген жанга Алчу экен кат окутуп, кат жаздырып. Оо шумдук, ошондогу караңгылык, Сапатсыз сан жылдарын саман кылып, Көз ачпай жүрмөк экен көчмөн кыргыз Октябрь окутпаса адам кылып. Октябрь, Ленин билди адам баркын Ал экөө жол көрсөттү адамга айкын. Бул кезд е билими жок бир кыргызды Ат эм ес искөөч салып табалбайсың. Таң менен таңшып булбул кошо турат Таалайлуу б өбөктор да ошо сымак Кагазга «Ата», «Апа» деп катар жазып Сабаты тили чыкса кошо чыгат. Кылымдар кыйнап келген караңгылык Биз аны кыйнагандан жаман кылып, Түл ө г өн кара киймин тытып туруп Түпкүргө көөмп салдык тамам кылып. КОММУНИСТ БОЛУП ТӨРӨЛГ Ө М Баамдап мен и тескейсиң, «Партияга өт», — дейсиң. Барк, кадыр күтүп менчилеп, «Бачымыраак өс дейсиң». Ойлонуп көргүн оболу, Өтсө эле барктуу болобу? Өрнөктүү ишин көргөзбөй, Өсө албас деймин жогору. Байкалбайт мага өскөнүң, Байкалып турат көпкөнүң. Партия сенче мактанбайт, Башчысы совет өлкөнүн. Баалабайм бачым өскөндү, Каалабайм жөнсүз көпкөндү. Көөдөндөн сууруп көп элге, Көрсөткүм келбейт өпкөмдү. Жиберсе кайда Партия, Жүзүмдү бурбайм артыма... Ата -Журт таккан чоң милдет, Акындын ыйык парзы да! Стажың көппү же менден... students.com.kg 12 Кааласаң айтып берем мен: Капкачан эле энемден, Коммунист болуп төрөлгөм. ФРУНЗЕМ - СҮ ЙГӨН БОРБОРУМ (Обон менен ырдоого) Бириккен акыл, ойлорум, Фрунзем — сүйгөн борборум. Бүт бойдон сенден башталат, Бийикке барчу Бийикте басчу Бийиктен ашчу жолдорум. Жайдары жашыл калаасың Жаштыгым эске саласың. Көз жоосун алып көркөмүң Тазарып күндө Жарашып гүлгө Жашарып күнд ө барасың. Кымбаты сенси ң кыргыздын, У жы сенсиң уул -кыздын. Бирөөсү болдуң, Бүлөсү болдуң Бир тууган он беш жылдыздын. Жарыгын чачып жалпыга, Жеткирип жеңиш, бактыга, Элжирейт, эрке сиңдим деп Эжекең нурлуу Эжекең сулуу Эжекең улуу Москва. ШААРЛАРДЫН УЛУУСУ Көргүм келип өз айлымдын, Көчөлөрүн, көлөмүн, Барган сайын мага тааныш, Дөңгө чыга беремин. Жатат айлым, жандуу кыймыл, Баш -аягы созулуп. Улам жаңы үйлөнүү той, Үйүнө үй кошулуп. Көргүм келип Фрунзени, Кээде тоого чыгамын. Карагандан чер жазылбайт, Карап эле турамын. Сансыз кочө, заңкайган үй, Шаар эмес — к еремет... Бак -дарактуу курорт экен, Башка курорт не керек! Көргүм келип Москваны, Көрг өнүмд ө сүйүнүп, Мавзол е йге, Кремлге, Тааз им кылам ийилип. Улуу шаар, укмуш шаар, Жүзүнөн нур себилип, Бүт жер шары бүткүл бойдон, Мага турат көрүнүп. Бул Москва бүт дүйнөнүн, Эч картайбас сулуусу. Са жаты — тынчтык деген, Шаарлардын улуусу. students.com.kg 13 ЖЕҢИШТИ КҮТ, ЧИЛИ - ЭНЕ Тынч океан жээктеп, Толкундарга кошулуп, Алтын тасма сыяктуу, Чили жатат созулуп. Кайран эне... Чили — эне, Кабагыңда кайгы көп. Пиночеттин огунан, Төккөн окшойт ка нды көп. Өлүм тилеп, өрт каалап, Мыкаачыга — кесепке, Онтоп коюп бул кезде Ооруп жатат төшөктө. Далай мезгил азапты Тартпагандыр мынчалык... Дан жыттанган талаасы Кан жыттанат кумсарып. Жай күнүндө түнөрүп, Жашын төксө асманы. Муң аралаш апачуу Буу чыгарат таштары. Чарчап жаткан чалдардай, Үргүлөшөт тоолору. Санаа тартып томсорот, Сантьяго — борбору. Ырдагандан жадабас, Ырдын шаары, дечү эле... Ак кириптир чачын а Жапжаш болчу кечээ эле. Унчукпаска ант берип Дудук болуп алганбы... Же болбосо желдеттер, Тилин кесип салганбы... Баш кесүүгө болсо да, Мүмкүн эмес тил кесмек. Турса керек тымпыйып, Жеңиш келчү күндү эстеп. Сайран -шаттык күлкүнүн, Дареги жок, каякта?.. Жазыгы жок туткундай, Жатса керек камакта. Жок, жаңылам, түрмөгө, Күлкү, ыр кантип камалат? Концерт берип көп элге, Учуп жүрөт сабалап. Көчөсүндө көрүнбөйт, Альенде, Корвалан. Сантьяго жол карайт, Келсе экен деп кайрадан. Сантьяго, шашпай күт, Сабыр түбү сары алтын. Көздөн учкан эрлерди Бир кучактап алаарсың... «Ла Монеда» — ак сарай, Мурункудай к өркт өнөт. Коммунисттер ичинде Жыйын курчу кез келет. students.com.kg 14 Чили — энеке кайраттан Тез айыксын жараатың. Досторуң көп дүйнөдө, Жалгыз эмес канатың. Жер каратпайт балдарың , Эл караган жүзү ңдү. Жеңиш менен акташат, Сенин ыйык сүтүңдү. Мурункудай багыңда, Булбул үнүн сайратат. Ыйың, кайгың азыркы, Ыр, күү менен алмашат. Баатырсынган фашисттин Күнү бүтүп, үнү өчөт. Жаман түштөй бир жолку, Эстен чыгат Пиночет. САЛАМ САГА, КОРВАЛАН Алыстагы Чилиден, Кимдер билбейт, ким б илет... Шумкар минип шуулдап, Аба жиреп, түн жиреп, Мекенине Лениндин, Учуп келди бир жүрөк. Ошол жүрөк — Корвалан, Оттой көзү жайнаган. Ошол жүрөк — коммунист, Өзүн элге арнаган. Ошол жүрөк не жүрөк... Өлүм даай албаган?! Ошол жүрөк Чилинин , Баатыр уулу — маигы Кан жыттанган желдеттер, Камай албайт дагы а ны. Ошол жүрөк — хунтанын Жете турган ажалы. Тозогу көп Досондо, Жаткан жүрөк дал ушул. Жалын сөзүн дүйнөгө, Чачкан жүрөк дал ушул. «Жашасы н марксизм!» — деп Айткан жүр өк дагы ушул. Тепкисинде түрмөнү н , Тебеленген бул жүрөк. Эркиндик деп, элим деп, Чебеленген бул жүр өк. Элден хунта коркпосо, Чыгат беле, ким билет... СССРди н чоң досу, Уккун, жолдош Корвалан: Бир балаңдан айрылсаң, Миллиондогон бар балаң. Түн жамынган Чилиңдин, Күнү чыгат кайрадан! Тынчтык сүйгөн дүйнө эли, Сени жактайт баары бүт. Сен чыныгы ленинчил, Сендей болсун жаңы күч! Сен чыныгы марксчил, students.com.kg 15 Сендей болсун коммунист! Эрдигиңе, эсиңе, Тамшанам да, таң калам: Темир десем эрк иңди, Болот белем кайраган! Ала -Тоолук кыргыздан Салам сага, Корвалан! ҮЧ РАСА Неч енин көрүп жүрөбүз, Негрдин агы болобу? Түрүнө карап баа б ерб ей, Дил ине түшүн оболу. Неченин көрүп жүрөбүз, Немисте кара болобу? Өңүнө карап баа бербей, Өзүнө түшүн оболу. Далайын көрдүк, таанышып, Тармал чач монгол болобу? Чачына карап баа бербей, Башына түшүн оболу. Үч түрлүү ушул раса, Үч бир тууган өңдөнүп, Окшошуп эле баратат, Ой, максат, сүйүүн тең бөлүп. Үч өө тең жердин балдары, Үчөө тең жердин балбаны. Акыл эс жактан кем эмес, Ар б и р өөнүн салмагы. Капитал менен кармашып, Соңиал менен жандашып, Дүйнөгө ураа н салууда, Тынчтыктын туусун жайнатып. КОШУНА Чоочун бирөө чоңсунуп, Жез тырмактуу, жез билек. Кошунаңды тепкилеп Жанчып жатса кескилеп. Кан кайнабай ко ебу... Болушпаса болобу... Бизге кымбат кошуна Бир туугандан жогору. Афган эли ар дайым, Акыйкаттын досу да. Азат туусун көтөрүп, Чыккан кези чокуга. Эркин жанып оту улам Эми түшпөйт чокудан. Эч бир душман бөлө албайт, СССРдей досунан! КОШМО ШТАТТАР, КУЛАК САЛ Эй, Америка Кошмо Штаттары! Адамга ажал ойлогон «Окумуштуу — устаттары» Эмне үчүн students.com.kg 16 Миллиардер — билгичтер и ң Кызып каны, кыстап жаны, Дүйнө калкы эртелеп Тизе бүгүп берсе — деп Акшыйып Араң турат мушташканы? Нейтрон Бомбаларын түзөбүз — деп Өздөрү да укташпады. Элди да тынч уктатпады. Эч качан ээсиз калбайт Калксыз калбайт Энебиз жер шарынын Шаарлары, кыштактары! Түшүнө Жаман түштөр кирбесе экен Балдарым Жаңы жатты укташканы. Эй, Кошмо Штаттар! Тургун угуп, Эки жүз жыл Өзүңчө болдуң улут. Улуттук уят кайда Намыс кайда... Өрт койдуң Жер шарынын элин кырып, Кара ниет Каракчынын өзү болуп Баа жеткис Байлыктарын алдың жыйып. Алгачкы Атом бомбаң билесиңби... Янондун Эки шаарын кылган курут? А бирок Нагасаки, Хиросима Япондор Жан киргизди кайра куруп. Андагы мыкаачылык, Таш боорлугуң Эч качан эстен кетпейт Калбайт унут! Эй, Кошмо Штаттар! Эсирип дө өгүрсүйсүң Албууттанып Калп эле «Эркиндик» деп Жардык салып. Эмгекчил Жүргөн калкка дан жыттанып Карайсың Канкор сымак кан жыттанын. Ар дайым Жетим, жесир, карылардан Жүрөсүң Алкыш албай, каргышты алып. «Багынтам, Кырам, Жоём» сенин оюң Сага эмне Чымын бекен бардык калык?! Башка элди Жексен кылып жер бетинен Сен гана Жашайсыңбы, жалгыз калып? students.com.kg 17 Жок, «Жолборсум» Эрте -кечпи бир мезгилде Өз үйүң Өрткө айланат жалбырттанып. Эй, Кошмо Штаттар! Мынча неге Көп кармайт кучунашың? Эки жүздүү «Өрдөгүң» учурасың Эки өлкөнү Бир -бирине тукурасың. Мушташтырып «Боксёр менен боксёрду» Мурунунан Кан акса кызыгасың. Өзүң судья болуп Ышкырыкты колго алып Чыкы жың. Каалаганың Кандуу согуш, кансыз согуш Тилейсиң тынчтыктын Үзгүлтүккө учурашын. «Коопсуздугун Коргоймун — деп «достордун» А бирок Ач бөрүдөй жутунасың, Дүйнө элинин алдында Күнөөң тоодой Андан кантип кутуласың... Аны билбей кутурасың. Эй, Кошмо Штаттар! Дүйнө эли Билбейт дебе, укпайт дебе, «Демократия! Демократия!» — деп Бакырасың оозуң кере. Бакырсам Баары мага ыктайт — дебе Демократияң Теңдигиң анык болсо Индее цтерден Иш билги чыкпайт беле... Актардан Арбын иштеп берсе дагы Ачкалык Караларды кыстайт неге? Апырткан Жалган сөзүң миң кайтала Адамдын мээсине жукпайт деле. Аны уксак Баштан тартып бутка чейин Дүрр — этип Му здайт жүрөк, муздайт дене. Эй, Кошмо Штаттар! Өлкөсүң, Куралга бай, ойго жарды Оюңдун олуттуусу Ордо калды... Сенин да Бала -чакаң бардыр деймин. Анчалык албайсың го Ойго аларды... Алардын келечег и Ойдо барбы? students.com.kg 18 Ай, билбейм... Көздөгөнүң башка максат Жүрсөң да Тоодо дагы, ойдо дагы «Булардын Бардыгы эркек, баатыр жоокер Ушул — деп — Азырынча колдо бары» Өбөсүң өмөчөгүң үзгүлгөнчө Бала ордуна бала көрүп, Жыландай Жып -жылаңач бомбаларды. Эй, Кошмо Штаттар! Эсирбей, Экиленбей эсиңе кел, Көңүлдү Дүйнө элинин сөзүнө бөл! Өнүккөн Өлкөлөрдү суулуктабай Эки тизгин Чылбырын өзүнө бер! От менен Ойноп келдиң жетет эми Ар дайым Өрт койдурбайт төшүнө жер. От менен Ойноймун — деп Гитлер да Өрттөлгөн Фашисттер жок барктап көмөөр. Сен дагы Куйкаланып кетээриң чын Тутантпай Оттуу демиң өчүрө бер Жок болбойт Өчүрбөйм деп өжөрлөнсөң Өз жаныңдан кечип эгер Анда сен Азыртадан табыт камдап Тапочкаңды даярдап Кан таман Ботиңкаңды чечине бер... Эй, Кошмо Штаттар! Сен зор да эмессиң Чиренгендей. Сенин мен зор экениң Жүрөм көрбөй. Коммунизм — дегенде Кокуйлайсың Кулагыңа Шиш кагып жибергендей. Коммунизм дегенде Секиресиң Куйругуңа Мык кагып жибергендей. Коммунизм — дегенде Кабагың суз Күн тутулуп, Жер шары түнөргөндөй Коммунизм — дегенде Калчылдайсың Кең ааламда Досуң жок сүйөнгөндөй Коммунизм — дегенде Шылкы жың students.com.kg 19 Көрөөр күнүң Ичээр сууң түгөнгөндөй. Эй, Кошмо Штаттар! Мактанба Кыргын салчу куралыңа. Мактанба Орунсуз ой, кыялыңа Ойлогон Өзгөлөрг ө жамандыгың Чечилет Сенин гана зыяныңа. Көпчүлук Өлкөлөрд үн сөзүн уккун Коргошун Куюп албай кулагыңа. Нейтрон Бомбаларын чыгарам — деп Калбагын Өз элиңдин убалына. Эй, Кошмо Штаттар! Ишенген дүйнө калкы Дагы ишенет Эңсеген Эркиндик к үн чыгаарына. Ишенет дүйнө калкы Кой үстүндө Боз торгой Жумурткалап тураарына... Ишенбейт дүйнө калкы — Сенин гана Узак жашап тураарыңа. Айлаң жок... Ары ойлонгун, бери ойлонгун Аз калды Эски дүйнө кулаарына — Ал туруштук бере албайт Коммунизм чабуулуна Коммунисттер ураанына! Эй, Кошмо Штаттар! Уксаң ук Укпайм десең, сенин ишиң... Куралым күчтүү дебесең Куду эле Коркок коён көрүнүшүң. «Өлөөрдө Ит кайышчыл болот» — дешет Дагы айтам Кам көрө бер өлүү үчүн. Жек көрөт Жер шарынын эли бүтүн. Дүйнөгө Түркүк болот, тутка болот Бир гана Марксизм -Ленинизм Элдердин Эңсегени эркин болуу. Элдердин Самаганы соңиализм. Элдердин Көксөгөнү коммунизм. МЕКЕНИМ Картада кызыл түстөгү Карасаң менин Мекеним. students.com.kg 20 Ондогон калк бар ичинде Ошонун баары өз элим. Ээлеп жатат Мекеним Европанын жарымын. Алып жатат Мекеним Азиянын жайыгын. Басканга жылдык жол болот Батышы менен чыгышы. Көп кылым жетпес жөө жүрсө Космосто жатат бир учу. Керилген биздин Мекендей. Кең Мекен деги каякта... Латыштар жаңы турганда Чукчулар кечки тамакта. Күн менен түндөй ар башка Күз, кышы жана жай, жазы. Таймырдын кары кетээрде, Тажиктин бышат алмасы. Обь, Волга, Лена, Енисей Ондогон ГЭСтин энеси. Калпагы көк муз карт Памир Дүйнөнүн бийик төбөсү. Жаткандай жашыл океан Жайкалат токой тайгасы. Укмуштай кооз Мекеним Уздардын сайган саймасы. Улуту түрлүү эл менен Ушундай жерди жердеген, Бир тууган он беш Союздун Бир эркеси мен белем! Эркеси болсом эмне экен Эркиндик, укук теңме тең. Сезимден кеткен кап -качан Сен бөтө н менен мен бөтөн... Мекеним менин бай Мекен Береке, шаттык, санжырга Үстүндөй чексиз байлыгы Укташып жатат алдында. Мекеним тынчтык Мекени Каалабайт октун учканын Мекеним достук Мекени Дос кылган элдин бүт баарын. Өтүрүк айтсам досторум Өз көзүң менен көрүп ал Меке ним жоомарт берешен Өзүндөй кенен пейли бар. ЖАЗГЫ БИР КӨРҮНҮШ Жан берсем деп бийиктиктен бир өлүп, Көктө турду келки булут түнөрүп. Аздан кийин ыйлап, ыйлап жок болду, Өзү кошо жашы менен түгөнүп. Чаң бурк этип чаңкап жаткан талаага, Чөп жамырап, чыга келди гүл өнүп. Ушул булут талантпы деп нукура, Тууган элге бүт оюмду жиберип, Турдум көпкө борчук ташка сүйөнүп.