Просмотр содержимого документа
«Алтынга асыл башын алмашпаган»
Алтынга асыл башын алмашпаган,
Амансынбы калын журтум ардактаган.
Саламдашпай сөз баштабайт кыргызымда,
Аздектеп жөнөтөйүн алгач салам.
Закымдап дуйно жарышы
Замандын бутпой арышы
Ар кимге кызык туюлат
Адамдын дуйно тарыхы
Мин тогуз жуз токсонунчу жылында,
Кычыраган кыштынянварь айында.
Көз тойгузган көркөму бар тоосу бар,
Төрөлгөнмүн Лейлектин, Лейлек айылында.
Өмүрдүн актай кылбай барактарын,
Өкүнбөй аткарсам деп талаптарын.
Улутума салымымды кошойун деп,
Гуманитардык окуу жайды аяктадым
Билим жанга бутпөгөн бакыт болот,
Билимдүүгө жакшы кун насип болот.
Беш жыл алган билимим ошондогу,
Беш кылымдай жаныма азык болот
Билим менен жеке эле чектелбедим,
Күчүмдү долбоор жазып текшергенмин.
Тренинг семинарларга барам улам,
Артта калбай турмуштун талабынан.
Максатым өсүү жана жанылануу,
Мактангыдай өлкө болуп тамыр алуу.
Келечегин кыргыздын тарбиялап,
Келгиле жаман жолдон арылалы
Билимдин жармашып этегине,
Билгичтин айланып көсөмүнө.
Билимдүүгө жер кенен асман кенен,
Билик болуп жолуна бассан кенен.