Улуттук компьютердик гимназиянын химия предмети боюнча
сабактардын иштелмеси. Женалиева. З.А.
Ацетилен катарындагы углеводороддор . Ацетилендин курамы, малекуласынын түзүлүшү. Изомериясы, номенклатурасы деген теманы окутуунун ыкмасы.
Бул теманы өтүүдө окуучулар текст менен иштешип тексти окуп, аны канчалык деңгээлде түшүнөт жана илимий текст менен көркөм тексти окуп түшүнүүсүн салыштырууга болот. Тексти түшүнүү менен кубулушту анализдейт, ал эми анализ түшүнүктү тереңдетет.Илимий тексти түшүнүү үчүн фактыларга таянабыз. Ошондуктан химия предметиндеги чектүү, чексиз углеводороддор конкретүү илимий тема болгондуктан фактылар ( формулалар, реакциялар ) менен гана түшүнүүгө болот. Ушул коюлган максатка жетүү үчүн 10- класстарга «алкандар», «алкендер», «алкадиендер», «алкиндер» ,”аренедер”деген темаларды өтүүдө башкарып окутуу стратегиясын – колдонууга болот.Бул стратегияны пайдалануу менен окуучуларга углеводороддордогу байланыштын пайда болушун, гибриддешүунүн түрлөрүн , көмүртектин валенттик абалын окуучулар өзү иштеп чыгып менчиктештирилген билимге ээ боло алат. Жогоркуда көрсөтүлгөн темалар бири- бири менен байланыштуу болгондуктан окуучулар мугалимдин нускамасы менен өз алдынча иштеп, ой-жүгүртүп, көнүгүулөрдү иштеп жана аны конструкциялаганга жетишип түптүү билимге ээ болушат. Химия предметиндеги «алкандар», «алкендер», «алкадиендер», «алкиндер» , «арендер» - деген темаларды башкарып окутуу стратегиясы менен өтүү өтө ыңгайлуу деп мугалимдерге сунуштаймын. Бул стратегиянын артыкчылыгы мугалимдин нускамасы менен теманы аз –аз өлчөмдө окуп түшүнүп отуруп окуучулар чоң теманы өздөштүрүүгө жетишет. Татаал түзүлүштөгү заттардын малекуласынын түзүлүшүн, касиеттерин салыштыруу менен кабыл алышат жана түшүнүп, анализдеп отуруп маалымат алышат.
Сабактын темасы: Ацетилен катарындагы углеводороддор .
Ацетилендин составы, малекуласынын
түзүлүшү. Изомериясы, номенклатурасы
САБАКА ЧЕЙИН
Сабактын максаты:
Конкреттүү максаты: ( билим берүүчүлүк)
Окуучулар углеводороддор боюнча билим алат, ацетилендин молекуласынын түзүлүшүн окуп үйрөнөт, каситтери менен таанышат. Окуучулар ацетилендин курамын анализдеп, формуласын жазганды үйрөнөт, гибриддешүүнүн пайда болушун жазып, гибриддешпей калган электронду табат. Ал электрон аркылуу пайда болгон байланышты аныктап, ацетилендин гомологдорун жазууну үйрөнөт.
Ацетилендин практикалык мааниси боюнча билим алышат.
Конструктивдүү максаты:(өнүктүрүүчүлүк,тарбиялык)
-Окуучулар ацетилендин катарындагы углеводороддордун касиетин түзүлүшүн окуп үйрөнүү менен углеводороддордун башка класстарына кирген заттардын касиетин айтып бере алат;
-окуучулардын таанып-билүүлөрү өсөт, тексти окуп үйрөнүүнү, талдап окууну үйрөнүшөт.
Сабактын тиби: Жаңы билимдерди өздөштүрүү
Сабактын түрү: (формасы) Инновациялык сабак
Сабактын методу: мугалимдин сөзү; аңгемелешүү; сынчыл ойломдун айрым ыкмалары: ББКБ, синквейн, топ менен иштөө ж.б.
Сабактын жабдылышы: 1.Ацетилендин химиялык касиети боюнча практикалык иштер, ацетилендин молекуласынын түзүлүшү боюнча сүрөттөр. Слайд.
С
абактын жүрүшү :
Өтүлгөн теманы кайталоо үчүн суроолор же жаңы теманы кабыл алууга даярдоо.
Мисалы: 6 сүйлөмдөн турган тапшырма берүүгө болот. Мугалим сүйлөмдөрдү окуп берет, окуучу угат. Сүйлөмдү окуучулар угуп, анализдеп туура жана туура эмес деген жыйынтыка келгенден кийин окуучу жообун цифра менен белгилеп турат. Туура жоопко 1, туура эмес жоопко 0 деген цифраларды коюшат. Мисалы:
Этилен бром суусунун өӊү түссүздөндүрөт,
Чектүү углеводороддордун молкуласында кош байланыш бар,
Диендик углеводороддордун молекуласында бир кош байланыш бар,
2-метилбутадиен-1,3 менен изорен каучугунун курамы бирдей
Этилендин молекуласы мейкиндикте тетраедр формасына ээ,
Этилен катарындагы углеводороддордо 1
байланыш бар.
Туура жообу: 1,0,0,1,01.
Жана башка тапшырмалар менен окуучулардын билимдери бааланат.
сабактын темасы берилет.
Сабак
Сабактын темасы доскага жазылат. Алкиндер. Ацетилендин составы,
малекуласынын түзүлүшү.
Изомериясы, номенклатурасы.
М
угалим окуучуларга суроо менен кайрылат:
Суроо: Алкиндер чексиз углеводороддордун катарына киреби?
(окуучулар өз алдынча, экиден иштеп ойлорун айтышат.) 1 мин убакыт берилет.
М
угалим: Бул суроого толук жооп алуу үчүн окуучулар текст менен иштешет.
1-тыным.
Ацетилендин эмприкалык формуласы - С2Н2 Молекуласында бир үчтүк байланышы бар. 2
байланышы жана 1
байланышы бар. Электрондук формуласы: H : С : : : С : Н структуралык формуласы: H–C≡C–H
СnН2n-2
Көмүртек менен көмүртектин ортосундагы аралык 0,120 нм
Ацетилен кадимки шартта түссүз, абадан жеӊил газ абалындагы зат. Таза ацетилен жытсыз,техникалык ацетилен кескин жыттуу газ. Сууда жакшы эрибейт, эриткичтерде эрийт. Кайноо температурасы -830 С. Ацетилен менен иштөөдө абдан этият болуу керек, анткени ацетилен абада күйгөндө 31500С жылуулукту бөлүп чыгаруу менен күйөт. Ацетиленди атайын баллондордо сакталат, металлдарды ширетүү иштеринде колдонулат.
Ацетилендин молекуласындагы көмүртектин атому Sp гибриддешүү абалында болот.
Көмүртектин атому мезгилдик системада 6- катарда тургандыктан, 6 электронду деӊгээлдерге бөлүштүрүп жазабыз. Алар төмөнкүдөй:
2р
2S
1S
2р
2S
Гибриддешүүгө катышпай калган 2р деӊгээлинде жайланышкан 2 электрон тегиздике перпендикуляр жайланышып 2
байланышын пайда кылат.Натыйжада ацетилендин молекуласындагы көмүртектин атомдору бири-бири менен үчтүк байланыш менен
байланышат. Гибриддешкен электрондук орбиталдар тегиздикте жайланышып алардын арасындагы бурч 1800 градуска барабар.Ацетилен катарындагы углеводороддор калий перманганатынын жана бром суусунун өӊүн түссүздөндүрөт.
Демек көмүртектин курамында суутектин саны азайган сайын байланыштын саны көбөйөт.Ацетилен этил спиртин, пластмассаларды, каучук жана уксус кислотасын алууда колдонулат.
Теманы окуучулар окуп бүткөндөн кийин топто талкууланат.
Окуучу: Ацетилендин молекуласында байланыштын саны көбөйөт ,анткени суутектин саны азайышынын эсебинен көмүртектин атому төрт валенттүү болгондуктан байланыштын саны көбөйөт. Демек ацетилендин молекуласында үч байланыш бар.
Окуучу: Углеводороддордун бул тобунда көмүртек үчүнчү валенттик абалда болот же ацетилендин катарындагы углеводороддор Sp гибриддешүү абалында болот. Молекулада көмүртек менен көмүртек атомдорунун ортосунда 2
байланыш жана 1
байланыш пайда болот.
Мугалим: Анда эмесе ацетилен катарындагы углеводороддордун гомологдорун жазабыз деп окуучулар менен бирдикте гомологиялык катар жазылат.
Текст окулуп бүткөндөн кийин жалпы топто талкууланат же текст боюнча суроолор түзүлүп суроолор аркылуу тексти талкууласа да болот.
Андан кийин экинчи суроо берилет:
Суроо: Ацетилен катарындагы углеводороддор изомерлениши мүмкүнбү?
Ацетилен - acetum лат .сөзү – уксус дегенди түшүндүрөт. Ацетил деп уксус кислотасынын туундусу катары эсептелинет.Ацетил горелкаларынын жарыгы газ горелкасынын жарыгына караганда 15 эсе жарык болгондуктан XIX- кылымдын башында көчөлөрдү жарыктандыруу үчүн колдонушкан.
Ацетилен үч түрдүү изомерленүүгө жөндөмдүү. Алар төмөнкүлөр:
1.Үчтүк байланыштын жайланышы боюнча изомерленет.
М: С4Н6
2. Көмүртек скелетиндеги изомер: (С5Н8 ден баштап)
3. Классстар арасындагы изомер: С4Н6 бутин-1.
Ацетилен катарындагы углеводороддор класстар арасындагы изомерлерге ээ болот. Мисалы: ацетилен ,диендик углеводороддор, циклдүү алкендерге изомерленет.Алар төмөнкүдөй түрдө жазылат.
Изомерелери берилип талкуулангандан кийин окуучу бир нече мисалдар менен билимдерин бышыктайт.
М: 1. курамында 92.3% көмүртеги бар гелий боюнча тыгыздыгы 6,5 ке барабар болгон заттын молекулалык формуласын тапкыла. Сх Ну
2. Төмөнкү суроолорго жооп берет.
Алкиндер кайсы углеводороддордун классына кирет?
Алкиндердин түзүлүшүндө кандай өзгөчөлүк бар ?
Алкиндер деп кандай заттарды айтабыз?
А
лкиндерде көмүртек канчанчы валенттик абалда?
3.Ацетилендин абада күйүшү боюнча практикалык иш көрсөтүлөт.
(практикалык иш дискте берилген)
Практикалык иш боюнча окуучулар өзүнүн байкаганын дептерге жазып жыйынтык чыгарат.
Сабак жыйынтыкталып, окуучулардын билимдери бааланат.