СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Алиппем алтын ачкычым

Нажмите, чтобы узнать подробности

Жыл жыйынтыгы боюнча отчеттук концерт

Просмотр содержимого документа
«Алиппем алтын ачкычым»

Алиппе майрамы 2011-2012-окуу жылы.



Тема: «АЛИППЕМ АЛТЫН АЧКЫЧЫМ»

Максаты: Алган билим-билгичтиктерин,ар тараптуу жондомдуулукторун жыйынтыктап корсотуу.

МУГАЛИМ:

Анда эмесе эшик кенен ачылсын,

Сыртта турган балдар бизге шашылсын.

Аянбастан кол чапкыла коноктор,

Балдарымдын бугун жарпы,бугун чери жазылсын.



(Кыздар кирет)

МУГАЛИМ:

Сайраган жайкы булбул-Гулдун корку,

Жаркырап жайнаган кыз-Уйдун корку.

Сулуу кыз суктандырган-Тордун корку,

Жадырап жайкы тандай-Кундун корку.

(балдар кирет)

МУГАЛИМ:

Жакшы бала ата-эне умуту,

Жакшы бала уй-булонун улгусу.

Жакшы болсо уулу менен кыздары,

Дайым чыгар ата-эненин кулкусу.



Хор ырдашат: «Ай чыкты»

САЛАМДАШУУ:



1-окуучу: Атанын улуу салтынан,

Акыйкат заман наркынан.

Жалындуу салам айтабыз,

1-класстын атынан.

2-окуучу: Азыр жапжаш баламын,

Келер менин баралым.

Аман-эсен чоноюп,

Керегине жараймын.

Улуу урматтуу ата-эне,

Айтам ысык саламым.

3-окуучу: Быйыл мектеп аттадым

Тамгаларды жаттадым.

Жакшы окуп буйруса,

Мээнетинди актаймын.

4-окуучу:Окуганды суйомун,

Саноону так билемин.

Мугалимдин создорун,

Дайым угуп журомун.



5-окуучу:Шанга толгон мектебим,

Таалайымсын сен менин.

Гул кучактап толкунданып,

Самап сени келгемин.,

6-окуучу: Босогонду аттагандан,

Билим болду бергенин.

Жатка жазып окуганды,

Эми озум билемин.

Хор : «Мектебим»

(Алиппе,Мекен таануу,Адеп,Математика китептери келишет)

МАТЕМАТИКА:- Алиппе сен кайда бара жатасын?

АЛИППЕ : Мен №5 Хуриев орто мектебинин 1-классында «Алиппем алтын ачкычым»-деген темада Алиппе майрамы отуп жатат.Мен ошол жакка бара жатам.Силер кайда бара жатасынар?

МЕКЕН ТААНУУ ,АДЕП,МАТЕМАТИКА : Бизди да

Ошол жакка чакырган. Жургуло анда чогу барып черибизди жазалы. (чогу жоношот)

С а л а м а т с ы н а р б ы д о с т о р:

АДЕП: Биз силердин майрамынарга ортоктош болуп черибизди жазалы деп келдик.

МАТЕМАТИКА: 8 айдан бери жакшы эле чогу журуп достошуп да калдык.

МЕКЕН ТААНУУ: Алиппени биз дагы кетиргибиз келбей турат.



МУГАЛИМ: Балдар келгиле анда конокко келген досторубузду озубуздун арабызга кошуп алалы.

(Мекен таануу,Математика,Адеп китептери окуучулар менен отурушат).



АЛИППЕ: - Менин кичинекей суйуктуу досторум,менин да силер менен достошкум келген жок.Бирок мен кетишим керек.Силердей болгон кичинекей достор мени кутуп жатышат.Ошондуктан мен аларга барышым керек.

Анда эмесе досторум озубузду сыноочу кез келди. 8 айдан бери эмнелерди билдик,эмнелерди уйрондунор мен жонундо эмнени биле алдынар айтып черимди жазгылачы .

7-окуучу:

«А» тамгасы Алиппенин ачкычы

Алиппеден билим нуру таралат.

Билимдуунун тоодой бийик бактысы,

Биздин бакыт билим менен жаралат.

8-окуучу: Алиппем кундун чубагы,

Алиппем омур чырагы.

Биз менен дайым бирге бол,

Билимдин молтур булагы.

9-окуучу:

Ала-Тоону ардактоого ундогон,

Алиппеге мин мертебе ыракмат.

Азаттыктын мекенинде гулдогон,

Алиппедей бул жашоодо чырпак жок.

Хор: «МЕКТЕБИМ»

10-окуучу: Бугун бизде чон майрам,

Алиппенин майрамы.

Илим менен билимдин,

Ушул китеп каймагын.



11-окуучу: Бажырайган тамгалар,

Барыбызга жат болду.

Алиппебиз суйуктуу,

Ачып берди ак жолду



12-окуучу: Алтын китеп Алиппем,

Ар кун окуп ачкамын.

Отуз алты тамганы,

Ойдогудай жаттадым.



Хор менен Кана эмесе бир-бирден,

Тамгаларды айталы.

«А» Апа,анар ,алмага.

А тамгасын жазабыз.

Алгач жолу билимди,

Алиппеден алабыз.

. «Б» Бала,балык.балкага,

Б жазылат баш тамга.

Балдар туруп шакылдап,

Баратышат бакчага.

«В» Велосипед ,вертолёт,

В тамгадан башталат.

Вокзал жакка паровоз,

Вагон суйроп баратат.

«Г» Гимн,Гербди жазганда,

Керек дайым «Г» тамга.

Гулай,гулзат баратат,

Гул тергени талаага.

«Д» Данек,дарбыз,даракка,

Д жазылат дайыма.

Дамир,доолот эки дос,

Жардам берди карыга.

«Ж» Желек,жебе,жарганат,

Ж тамгадан башталат.

Жоо келтирбей жерине

Жоокер жерин кайтарат.

«З» Зоока «З» дан башталат,

Зым заводддо жасалат.

. Уйдун пирин билип ал,

Зенги баба аталат.

«К» Кийим кийип калындап,

Канат кайда камынат.

Карасанар баарына,

«К» тамгасы жазылат.

«Л » Лампочка,лыжага,

«Л» жазылат баш тамга.

Лейла кооздоп алыптыр,

Лента тагып чачына..

«Н» Мен «Н» деген тамгамын.

Нанды ,нарды жазамын.

Нандан ыйык байлык жок,

Нанды дайым барктайлы..

«М» Мадыл,маймыл.мамалак.

«М» тамгадан башталат.

Майрам эже машыгып,

Мый-мыйым деп чакырат





«П» Пахта ,пилге,партага,

«П» жазылат баш тамга,

П тамгасы болбосо,

Парча айланат арчага.

«Р» Ракета,Рысбек,

Соз башында «Р» келген.

Компютерлер башкарса

, Роботтор иштеген..

. «Т» Темир тырмоок окшогон,

«Т» тамгасы мен болом.

«Т» тамгасын жазбасан,

Топ болбостон оп болот..

«С » Сабыр сабиз сугарат,

Сайра сайдан суу алат.

«С» тамгадан башталып,

Суйлом создон куралат.

«Ш» Шыпылдатып колдорун,

Шырдак шырыйт Шарипа.

Шабдалыны узом деп,

Шакир чыкты шатыга.

«Й» Йогурт менен йодду,

»Й» тамгадан баштайбыз.

«Й» башына болок соз ,

Издесек да таппайбыз.



«Э» Эшик,элик,эмерек,

«Э» тамгасы эн керек.

Эн бир ыйык адамын,

Эне десен «Э» келет

«Ъ,Ь» Ат койбоптур энчилеп

Ажыратуучу,ичкертуучу белги деп

.Ажыратып,ичкертип,

Туралы дайым белгилеп..

. «Ё» «Й» менен»О» биригип,

«Ё»тамга деп аталат.

Жашыл ёлка балаты,

Жаны жылда жасанат..

Хор менен: Арипте катар тизилген,

36 тамгабыз.

Достошкондун биз менен,

Билимге жолун ачабыз.

АЛИППЕ: Азаматсынар достор.Коп эле акыл насаат айтып макал-лакаптарды уйроттум эле ошолордон айтып черимди жазгылачы.

-Нандан улуу тамак жок, адамдан улуу атак жок.

-Туулган жердин топурагы- алтын.

-Билим- кенч, эмгек анын ачкычы.

-Аш атасы-нан, нан атасы-дан.

-Нандын ысыгы жакшы,создун бышыгы жакшы.

-Дары чоптон,акыл коптон.

-Жаш келсе ишке,кары келсе ашка. ж .б.

КОРКОМ АЙТУУ

(Алиппеден жаттаган ырлардан айтышат)

РОЛДОШТУРУП КОРКОМ ОКУУ

МАНАСТАН узунду айтттыруу (Алиппеден жат.)

( обондуу ыр,бий)

АЛИППЕ : Эмки кезекти Математикага берели.

МАТЕМАТИКА: Мынакей шаттык кубаныч,

Ар куну бизде уланып.

Акылга акыл кошуучу,

Математикалык болукко,

Баарыбыз конул буралык

Мен азыр силерге «Сыйкырдуу сандар» жомогун айтып берейин.Анда кулак салып угуп тургула.

( Слайд көрсөтүлөт)

Илгери-илгери сыйкырдуу токой болуптур.Ал токойдун ичинде туркун жер жемиштердин туру осуп жан-жаныбарлар мекендоочу экен. Бир куну токойго 1,2.3.4.5.6.7.8.9.0 деген сандар саякатка жоношот.Бул сандар озулорунун катар номерин билишчу эмес экен. Сандар токойдун дарбазасынан киришмек болушат да талаша башташат.

-Мен биринчи кирем:

-Жок,мен биринчи кирем:

Канчалык аракет кылышса дагы кандайдыр бир куч тоскоолдук кылат.Дал ушул учурда токойдун ичинен бир башкача ун чыгат.

ТОКОЙДОГУ УН: - Сандар,силер убара болбогула баары бир дарбазадан кире албайсынар.Мен силерди сыйкырдуу куч менен чакырып киргизем.Ар биринердин озунорго тиешелуу ордунар бар.Мындан кийин бири-биринер менен талашпай тиешелуу ордунарды билип алгыла.Азыр мен силердин атынарды атайм ошол боюнча жайгашасынар.

0, 1 , 2, 3, 4, 5, 6. 7, 8, 9

Мына кордунорбу эми оз ордунарды таптынар,мен силерге сыйкырдуу куч бердим мындан ары ирээтинерди бузбай и ынтымакта, сыйкырдуу онорунорду корсото бергиле!



МАТЕМАТИКА: Достор келгиле биз дагы сыйкырдуу сандардын кызыгына баталы.



«1» Кайдагы бир соройгон,

Таяк дебе жасалма

.Турам дайым койкоюп

,Эн биринчи катарда.



«2» Узун моюн экимин,

Эске тутуп койгула.

Жалкоо,тентек балдардын,

Ороломун мойнуна.



«3» Алдыман да коркомун,

Артыман да коркомун.

Жаман эмес жакшы эмес

Бар болгону ортомун.



«4» Билип койгун бобоктор,

Бирдей карайм баарына.

Жакшы окуган балдарды ,

Суйройм дайым алдыга.

«5» Мен беш болом беш болом,

Жамандарга оч болом.

Жакшы окуган балдардын .

Дептеринде коп болом.

«6» Жон турганда алтымын,

Арык эмес толукмун.

Айландырса тогузмун,

Коп сандардын чонумун.

«7» Байкап корсон атайын,

Отук тумшук жетимин.

Бирок баарын билип кой,

Бир жумада жети кун.

«8» Мен илинчек сегизмин,

Жипке окшошом байланган.

Болуп койсон дароо эле,

Эки нолго айланам.



«9» Онорум бар озгочо,

Балдар билип коюшсун.

Бир орундуу сандардын ,

Эн чону мен болом

«0» Нол саны жок сан сен билсен,

Жок сан деп мени таштаба.

Коп жерден керегим тиет ,

Мени жакшылап билсен.



МАТЕМАТИКА: Балдар ,сандардын бере турган табышмактары бар экен,анда конул буралы.

Суроолор:



Бири тентек ак улак,

Бири тентек кара улак.

Энесинин эмчегин

Эмип жатат канча улак? ( 2)

Элмирада бир куурчак,

Эркинайда уч куурчак.

Экоону кошкондо,

Канча болот бут куурчак? (4)

3 мамалак 3 божок,

Тээп жатат селкинчек

,Туура санап чыккыла,

Турат санайт жети деп. (6)

Эмилдин бар токтусу,

Эгиз тууду токтусу.

Канча болду тапкыла

Койу менен козусу? (3)

Эрмек тикти эки алма,

Эсен тикти уч алма.

Эми биздин короодо,

Болуп калды канча алма? (5)

Бизде торт улак бар,

Так секирген чунактар.

Балдар санап бергиле.

Канча аларда кулак бар? ( 8 )

Чогулушуп уч коён,

Жерден сабиз казышты.

Ар бири казса учтон,

Канча болот бардыгы? (9)

Эн чон бир орундуу сандан экини кемитсен менин инимдин жашы чыгат.Менин иним канча жашта? (7)

-Асанда 5 алма бар,ал тортоону карындашына берди.Асанда канча алма калды? (1)

-Ой,менин конфетим кана?Менду уч конфет бар эле учоону жедим менде дагы конфет калыш керек эле да таппай жатам? Табышып койгулачы достор. (0)



Кошумча суроо

Асандын канча казы бар? Бироо тортоонун алдында,Бироо тортоону кууп бара жатат.Ал эми учоо ортодо жугуруп бара жатат. (5)

- Короодо тооктор улактар журот алардын башы 4,шыйрагы 12.Короодо канча тоок жана канча улак бар?

(2тоок,2 улак)

МАТЕМАТИКА: Достор азаматсынар.Силер менин сыныма толдунар менин силерге кааларым:

Атага арка болгон,

Энеге жолок болгон.

Улуу журттун башы,

Акыл ойдун кени болгон,

Атанын эмгегин,Эненин мээнетин актаган атуулдардан болгула.Эмки кезекти «Адеп « досунарга берели.

(обондуу ыр,бий)

АДЕП: Эртеден бери мен силерге абдан ыраазы болуп турам.»Адам корку-адеп» дейт элибизде.Адептуулук жонундо эмнени билдинер.Достор айткылачы «ЫЙМАН »

деген эмне?

13-окуучу:Салам айтып улууга,

Кичууго ызат кылганды.

Баракелде бул озу,

Бала дейбиз ыймандуу.



14-окуучу: Автобуста баратсан,

Келип калса жанына.

Карап кетпей тескери.

Орун бергин карыга.

15-окуучу: Урмат кылып ар дайым,

Улуулардын тилин ал.

Ыймандуулук-адептуу,

Бала экенин билип ал.

АДЕП: Апан сенин базардан,

Алма сатып алып келди.

Эн жакшысын чонунан,

Сага тандап алып берди.

Мындайда не деш керек?

Хор менен: Ырахмат сизге деш керек.



АДЕП: Балдар журсо кочодо,

Угулат ызы-чуу айгай.

Сен да чыгып бироону,

Жоолоп кеттин байкабай.

Мындайда не деш керек?

Хор менен: Кечириниз деш керек.



16-окуучу:Эн жакшы окуп сабактан,

Урматтап эже-агайды.

Жардам берип карыга,

Ыраазы кылам далайды.

АДЕП:

Карозгой болбой калыс болгула,

Кошоматтан алыс болгула.

Эрегиште элчи,эл журтундун кенчи,таразанын

ташы,акылы мол башчы болгула.

Эмки кезекти Мекен таануу досунарга берели.

( ыр,бий,)

МЕКЕН ТААНУУ: Кана достор биз кандай балдарбыз?

-чынчыл,адептуу,ыймандуу,

боорукер, ынтымактуу.

Улутун ким?- кыргыз

Ураанын - Манас

Мурасын - комуз

Турагын - боз уй

Баш кийимин - калпак

Улуулардан уккан созубуз - жомок



МЕКЕН ТААНУУ: Мекенибиз Кыргызстан жонундо эмне

билебиз?

- Мекенибиз Кыргызстан,бабабыз Манастын жери.

-Борбор шаарыбыз Бишкек.

- Оз алдынча эгемендуу мамлекет

- Кыргыз жери керемет жерлерге бай,ал жети аймакка болунгон.



ЧУЙ АЙМАГЫ: Талааларын карасан

Туздогондой тим эле.

Бул Сары-Озон тим эле,

Бейиш эмей эмине





ОШ АЙМАГЫ:

Сулайман-Тоо занкайып,

Бийиктен карайт бардыгын.

Коргун келсе Ош жерин,

Саякат жасап баргынын.



ЖАЛАЛ –АБАД АЙМАГЫ :

Жеринин баары апакай,

Жалал-Абад жергеси.

Жапрыкты чачат кыргызга,

Токтогул оскон жер озу.



ЫСЫК-КОЛ АЙМАГЫ:

Ак тоолор чулгап бийиктен,

Кун нурун колго себелейт.

Ороонду тартып суротко,

Ысык-Кол дайым молмулдойт.



НАРЫН АЙМАГЫ:

Малдын барын асырап,

Нарын эли бай жашайт.

Желе тартып бээ байлап,

Кымыз жасап эл жатат.

ТАЛАС АЙМАГЫ:

Жер соорусу Таласта,

Кумбозу бар Манастын.

Коп эл келип сыйынат,

Арбагына Манастын.



БАТКЕН АЙМАГЫ:

Оругу шакта ийилет,

Сымабы жерде жугурот.

Меймандос сынчыл элдери,

Тааныштай суйкум корунот.

17-окуучу: Кыргызым бутпос ырымсын,

Кыярбас кызыл туумсун.

Сан жагын чакан болсо да,

Сапатын менен улуусун.

18-окуучу: Ак калпагы кыргыздын,

Ак жузундой нур кыздын.

Ак кар баскан тоолордо

Ак нурундай жылдыздын.

19-окуучу:Боз уй белек кыргыз омуру,

Боз уй кутум ырыс тогулуу.

Коп онору уздун элестейт,

Кокко учуруп сезим коонуму.

20-окуучу: Артып барат Ата журттун коркому,

Кимдер болойт гулго биздин олкону.

Биз болойбуз Атажуртту гулзарга

Биз болобуз Атажурттун эртени.

21-окуучу Жатка ыраа корбоймун,

Коз артканга бербеймин.

Зордукчуга тарттырбай,

Жергем сени жердеймин.

МЕКЕН ТААНУУ: Ата-энеге урмат кылган,

Ата журтка кызмат кылган.

Элинердин кереги не жараган,

Эр-азаматтардан болгула.

( ыр,бий)

АЛИППЕ: - Азаматсынар достор силер абдан жакшы окупсунар,эми айткылачы

Жомок ,ырды уйротуп,

Сабатынды ачкан ким?

Тарбия берип балдарга,

Экинчи эне болгон ким?

Хор менен: М У Г А Л И М

Мугалим туура жолго багыттаган

Акылга акыл кошуп из калтырган.

Жопжонокой кичи пейил мугалимден,

Чынгыз да ,Чолпонбай да билим алган.

( ыр бий)



АЛИППЕ: Силерди ушул даражага жеткирип,омур бою кам коргон асыл адамдар бар,булар кимдер?

Хор менен: АТАМ МЕНЕН АПАКЕМ

Билесинби сен муну,

Бул дуйнодо ким сулуу?

Апам сулуу баарынан,

Андан кийин-Кун сулуу.



Сулуу,сулуу апалар,

Кантип мында ката бар.

Ошондуктар дайыма,

Гул сунушат аталар.

Жашоонун деп жаркыны,

Атайсын сен кайсыны?

Адегенде апакем,

Андан кийин-Ай сулуу

Алтын,алтын апалар,

Ааламда жок сага тен.

Бар учун сен дуйнодо,

Бактым менин бар экен.

( ыр, бий )

АЛИППЕ: Силерге берер белегим,

Адабий окуу китеби.

Кир кылбай окуп билим ал,

Баарына тиет кереги.

Эми мага уруксат берсенер .силердей болгон кичинекей досторума барайын.

Кош болгула досторум мен кетейин.



КОШ АЛИПППЕ 3 жолу