СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Алгоритм жана программалоо тили 9 класс Информатика

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Алгоритм жана программалоо тили 9 класс Информатика»

      Алгоритм жана  программалоо  тилдери

Алгоритм жана программалоо тилдери

Программалоо

  • Программалоо  –  компьютер программаларын  түзүү процесси. Tap мааниде программалоо конкреттүү программалоо тилинде (көбүнчө мурда болгон алгоритм – коюлган милдетти чечүү планы, методу боюнча) программаларды жазуу. Ушул ишти аткаргандар программисттер, ал алгоритмди иштеп чыгуучулар алгоритмисттер, предметтик жагдайдагы адистер математиктер деп аталат. Кеңири мааниде программалоо деп программаларды түзүү жана аларды жумушчу абалда кармоо – ЭЭМди программалык камсыздоо менен байланышкан иштердин бүтүндөй спектри аталат. Муну «программалык инженерия» деп да аташат. Буга маселени талдоо жана коюу, программаларды долбоорлоо, алгоритмдерди түзүү, маалыматтар түзүмүн иштеп чыгуу, программалардын тексттерин жазуу, программаларды сыноо, документтештирүү ж. б. кирет. ЭЭМ үчүн программалоодо программалоо тилдери колдонулат. Программа түшүнүктүү болушу жана ЭЭМде аткарылышы үчүн атайын аспап – транслятор талап кылынат. Азыркы учурда иштеп чыгуунун интеграцияланган чөйрөсү активдүү колдонулат, ал өзүнүн курамына программалардын тексттерин чыгаруу жана редакциялоо үчүн редакторду, каталарды издөө жана табуу үчүн кызматкерди, программалоонун ар кандай тилдеринен трансляторду, бир нече модулдан программаны жана башка кызматчы модулдарды жыйноо үчүн компоновкалоочуну камтыйт.
Си программалоо тили (Programming language C- Язык программирования Си). 1970-жылдын башында Деннис Ритчл тарабынан иштелип чыккан, алгач ал системдик програмдык жабдыктарды жазууга багытталган. Бүгүнкү күнү Си тили иштетүү системдерин жана колдонмо програмдык жабдыктар менен кошо кеңири таралган програмдык жабдыктарды иштеп чыгууда колдонулат. Си профессионал програмчылар пайдаланган програм тили, ал ишкердик жана илимий колдонууларда да эффективдүү иштейт. Си ар кандай компьютерлерде аткарылат, бирок көп учурда UNIX, LINUX иштетүү системдери чөйрөсүндө колдонулат. APL программалоо тили Algol  программалоо тили Basic программалоо тили Pascal программалоо тили C++ программалоо тили
  • Си программалоо тили (Programming language C- Язык программирования Си). 1970-жылдын башында Деннис Ритчл тарабынан иштелип чыккан, алгач ал системдик програмдык жабдыктарды жазууга багытталган. Бүгүнкү күнү Си тили иштетүү системдерин жана колдонмо програмдык жабдыктар менен кошо кеңири таралган програмдык жабдыктарды иштеп чыгууда колдонулат. Си профессионал програмчылар пайдаланган програм тили, ал ишкердик жана илимий колдонууларда да эффективдүү иштейт. Си ар кандай компьютерлерде аткарылат, бирок көп учурда UNIX, LINUX иштетүү системдери чөйрөсүндө колдонулат.
  • APL программалоо тили
  • Algol программалоо тили
  • Basic программалоо тили
  • Pascal программалоо тили
  • C++ программалоо тили
Pascal тили 1960-жылдын аягында Никлаус Вирт аттуу швейцариялык окумуштуу тарабынан иштелип чыккан жана ал программалоонун структура концепциясын студенттерге окутуу максатын көздөгөн.  Программалоо тили  француз математиги  Блез  Паскалдын  урматына аталган. Бүгүн Pascal тили жеке жана мини компьютерлерде илимий колдонмолорду иштеп чыгууда колдонулат. Азыркы күнгө чейин билим берүүдөгү эң көп колдонулган прогрммалоо тилдеринин бири. Анткени ал түшүнүүгө жеңил, ошону менен эле бирге програм түзүүдө күчтүү тил болуп саналган. Pascal дын обжектке багытталган версиясы  Turbo Pascal  деп аталат, ал  Borland  корпорациясы тарабынан иштелип чыккан.

Pascal тили

  • 1960-жылдын аягында Никлаус Вирт аттуу швейцариялык окумуштуу тарабынан иштелип чыккан жана ал программалоонун структура концепциясын студенттерге окутуу максатын көздөгөн.  Программалоо тили  француз математиги  Блез Паскалдын  урматына аталган. Бүгүн Pascal тили жеке жана мини компьютерлерде илимий колдонмолорду иштеп чыгууда колдонулат. Азыркы күнгө чейин билим берүүдөгү эң көп колдонулган прогрммалоо тилдеринин бири. Анткени ал түшүнүүгө жеңил, ошону менен эле бирге програм түзүүдө күчтүү тил болуп саналган. Pascal дын обжектке багытталган версиясы  Turbo Pascal  деп аталат, ал  Borland  корпорациясы тарабынан иштелип чыккан.

C++ тили

  • C++  - компилешүүчү, статикалык типтештирилген жалпы максаттагы программалоо тили.
  • Жол-жоболук программалоо, объектке багытталган программалоо, жалпы программалоо сыяктуу программалоо парадигмаларын колдойт. Бай стандарт китепканасы кеңири тараган контейнерлер жана алгоритмдер, киргизүү-чыгаруу, туруктуу сөз айкаштары, көп агымдуулукту колдоо жана башка мүмкүнчүлүктөргө ээ. C++ жогорку даражадагы жана төмөнкү даражадагы тилдердин өзгөчөлүктөрүн айкалыштырат. Мурдагы C тилине салыштырмалуу мында объектке багытталууга жана жалпы программалоого көп көңүл бурулган.
  • C++ эң таанымал программалоо тилдеринин бири болуп эсептелип, программалык камсыздоо иштеп чыгуу үчүн кеңири колдонулат. Анын колдонуу чөйрөсүнө операциондук системдерди, түрдүү колдонмо программаларды, түзмөк драйверлерин, курулуучу системдер үчүн колдонмолорду, жогорку өндүрүмдүү серверлерди жана ошондой эле, көңүл ачуу колдонмолорун (оюндарды) түзүү кирет. C++ тилинин бекер дагы, коммерциялык дагы жана түрдүү платформалар үчүн дагы көптөгөн таралыштары бар. Мисалы, x86 платформасында GCC, Visual C ++, Intel C ++ Compiler, Embarcadero (Borland) C++ Builder жана башкалар бар. C ++ биринчи кезекте Java, C# жана башка программалоо тилдерине чоң таасирин тийгизген.
  • C ++ синтаксиси C тилинен калган. Иштеп чыгууда негизги принциптердин бири - С менен шайкештикти сактоого болгон. Ошентсе да, C ++ C'нин нак кеңейтилген варианты эмес; C'нин дагы C++'тын дагы компилярлары бирдей трансляциялаган программалар көп, бирок C'ге программанын бардык өзгөчөлүктөрү кирбейт.
Algol тили Илимий программалоо тили, сандык жадыбалдарды (электрондук жадыбал) башкаруу үчүн иштелип чыккан .

Algol тили

  • Илимий программалоо тили, сандык жадыбалдарды (электрондук жадыбал) башкаруу үчүн иштелип чыккан .
  Basic тили 1960-жылдардын ортосунда Дортмут (Dartmouth) коллежинин кызматкерлери Жон Кемени жана Томас Куртц тарабынан иштелип чыккан.  Basic  жөнөкөй жана жеңил тил болгондуктан, алгач студенттерге программалоонун киришүү курсун окутууда колдонулган. Basic бүгүнкү күнү жеке жана мини компьютерлерде кеңири колдонулат. Анын көп деген версиялары иштелип чыккан жана да уланууда, аларга MS-Basic, Quick Basic,Visual Basic ж.б. кирет.

  Basic тили

  • 1960-жылдардын ортосунда Дортмут (Dartmouth) коллежинин кызматкерлери Жон Кемени жана Томас Куртц тарабынан иштелип чыккан.  Basic  жөнөкөй жана жеңил тил болгондуктан, алгач студенттерге программалоонун киришүү курсун окутууда колдонулган. Basic бүгүнкү күнү жеке жана мини компьютерлерде кеңири колдонулат. Анын көп деген версиялары иштелип чыккан жана да уланууда, аларга MS-Basic, Quick Basic,Visual Basic ж.б. кирет.