СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Алгебра боюнча бышыктоо сабагы

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Алгебра боюнча бышыктоо сабагы»

ОББ__________________

Өтүлгөн күнү: 27.01.2020

Классы: 9-а

Алгебра предмети

Сабактын темасы: Арифметикалык жана геометриялык прогрессияларга көнүгүү иштөө

Сабактын тиби: Алган билимдерин бышыктоо

Сабактын максаты:

Күтүлүүчү натыйжа:

Көрсөткүчтөр:

  1. Когнитивдик:

Арифметикалык жана геометриялык прогрессиялар боюнча теориялык материалдарын жалпылашат

  1. Жүрүм-турумдук

Алган билимдерин бышыктоо менен бирге формулаларды колдонуп көнүгүүлөрдү иштей алышат.

  1. Баалуулук

Арифметикалык жана геометриялык прогрессиялардын формулалары турмуштук маселелерди чыгарууда керек экендигине ынанышат

Алган билимдерин бышыктап, арифметикалык жана геометриялык прогрессияларга карата көнүгүү иштей алат;



Натыйжага жетти дейбиз, эгерде окуучу:

Арифметикалык жана геометриялык прогрессиянын аныктамасын айтып, формуласын;

Арифметикалык жана геометриялык прогрессиянын n мүчөсүнүн суммасынын формуласын;

Чексиз кемүүчү геометриялык прогрессиянын формуласын жана n мүчөсүнүн суммасынын формуласын жаза алышса;

Берилген көнүгүүлөрдү так аткара алышса;




Негизги компетенттүлүк

Предметтик компетенттүүлүк

Маалыматтык

Алынган маалыматты чечилүүчү милдеттин контекстинде баяндайт;

Социалдык-коммуникациялык компетенттүлүк

Өз позициясын түшүндүрүү менен аргументтерди келтирет;

Өз алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү

Кырдаалга өз алдынча талдоо жасоонун негизинде маселени аныктайт жана баяндайт;

Маеселеге талдоо жасайт;

Маселенин чечүүнүн мүмкүн болуучу жолдорун баяндайт жана негиздейт;

Негизги прогрессияларды аныктай алат жана аларды айырмалайт, алардын касиеттерин билет;

Ар түрдүү туюнтмалардын сандык маанисин чыгара алат;

Сабактын этаптары:

  1. Уюштуруу

  2. Өтүлгөн темаларды кайталоо

  3. Жаңы теманы түшүндүрүү

  4. Бышыктоо

  1. Жыйынтыктоо

  2. Үй тапшырма берүү

  3. Баалоо


Сабактын жүрүшү

Усулдар

Ресурстар

Баалоо

  • Уюштуруу

  • Окуучулар менен учурашуу, толуктоо

  • Окуучулардын ички маданиятын өнуктурүү, бири-бирине көңүл буруп, сыйлоого үйрөтүү үчүн окуучулар бул оюнду ойношот. Жаңсоо аркылуу (эмне белек бергенин жаңсап көрсөтөт)бири-бирине белек тапшырышат.



“Белек тартуула” оюну

-жооп





Сөз жүзүндө баалоо



  • Өтүлгөн темаларды кайталоо

    1. Удаалаштыкты аныктагыла:

  • 1,2,3,4,...

  • -2, 4, -8, -16,...

  • 10, 10, 10, 10, ....

  • 10; 1; 0,1; 0,01;....

  • 5, 10, 15, 20, ....

  • Арифметикалык прогрессиянын аныктамасы:

Арифметикалык прогрессия деп, экинчи мүчөсүнөн баштап, улам кийинки мүчөсү мурункусуна бир эле санды кошконго барабар болгон удаалаштыкты айтабыз.

an+1=an+d

  • Арифметикалык прогрессиянын n мүчөсүн табуунун формуласы

an=a1+d(n-1)

  • Арифметикалык прогрессиянын алгачкы n мүчөсүнүн суммасын табуунун формуласы

Sn


  • Арифметикалык прогрессиянын касиети (аныктамасы жана формуласы):


an


  • Геометриялык прогрессиянын аныктамасы:

Биринчи мүчөсү нөлдөн айырмаланып турган, ал эми экинчисинен баштап ар бир кийинки мүчөсү мурункусун нөлгө барабар эмес бир эле санга көбөйткөндөгү көбөйтүндүгө барабар болгон сан удаалаштыгы геометриялык прогрессия деп аталат.

bn+1=bnq


  • Геометриялык прогрессиянын n мүчөсүн табуунун формуласы

bn=b1qn-1

  • Геометриялык прогрессиянын алгачкы n мүчөсүнүн суммасын табуунун формуласы

Sn

  • Геометриялык прогрессиянын касиети (аныктамасы жана формуласы):


Бөлүмү болгон геометриялык прогрессия чексиз кемүүчү геометриялык прогрессия деп аталат.

Суммасы: S=

Суроо-жооп




















Слайд




















Сөз түрүндө баалоо

  • Көнүгүү иштөө

а1=4, а2=6, d=? d=2

а1=2, d=4, а10=? а10=38

а1=2, а5=-18, S5=? S5=-40

b1=9, b2=3, q=? q=1/3

b1=1, q=-2, b4=? b4=-8

b1=3, b2=15, S3=? S3=93

Жекече иштөө

Слайд

Доска

Кайтарым байланыш

  • Бышыктоо

“Прогрессия” деген сөзгө класстер түзүшөт



Класстер

Доска

Сөз түрүндө баалоо

  • Жыйынтыктоо

Окуучулар бүгүнкү сбактагы 3 жаңы нерсени, 2 кызыктуу окуяны, 1 суроо жазышат.

Чыгуу билети

“3-2-1”

Стикер

Кайтарым байланыш

  • Үй тапшырма

Иоган Карл Фридрих Гаусс жөнүндө окуп келүү

Түшүндүрүү

Күндөлүк


  • Баалоо

Окуучуну активдүүлүгүнө жараша баалоо


Күндөлүк, журнал

Суммативдик баалоо