Просмотр содержимого документа
«9-май Жеңиш күнү»
Мына, фашисттик Германия тарабынан ачылган каргашалуу согушту жеңип, элибизде бейпил турмуштун орногонуна туптуура 75 жыл толот. Бүгүнкү күндө, ачык асман алдында биз кечирип жаткан бейпил турмуш - канчалаган аталарыбыздын, агаларыбыздын, мекендештерибиздин каны-жаны менен келди! Ал согуштун айынан канчалаган апаларыбыз, эжелерибиз, жеңелерибиз, канчалаган аял заты көз жашын төктү. Бирок, кандай кыйын кырдаал, кандай кыйын шарт болсо да, элдин биримдиги, “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган” ынтымагы, “Биз сөзсүз жеңебиз!” деген бекем идея Улуу Жеңишти камсыздай алды.
Андыктан, биз – бүгүнкү муун, урпактарыбыздын келечеги үчүн ынтымагыбызды бекемдеп, Ата Мекен алдындагы милдетибизди так аткарып, аны көздүн карегиндей сактап жашашыбыз шарт, зарылдык!
Урматтуу эжей-агайлар, окуучулар!
Сиздерди 9-Май Жеңиш майрамы менен куттуктайбыз! Асманыбыз ар дайым ачык болсун, жергебизде дайыма тынчтык болсун! Мамлекетибиз гүлдөп өнүккөн өлкөгө айланып, кыргыз желеги кылымдын кыйырына, жер шаарынын булуң-бурчуна таанылып, менменсинип желбиресин!
Улуу Ата Мекендик согуш 1945-жылы аяктаса да, 1955-жылы 25-январда гана СССР бийлиги “Советтер Союзу жана Германиянын ортосунда согуш токтогондугу ” тууралуу официалдуу Жарлыкка кол койгон.
Статистика боюнча согуш аскерлеринин ичинен 80 миңи аялдар болгон.
Согушка 60 000 ден ашуун ит тартылган жана байланыштыргыч иттердин жардамы менен 2 000 дей тапшырык өз дарегине туура жеткирилген.
Кыргызстандан согушка 365 000 дей аскер катышкан.
Согуш кесепетинен 90 000 ден ашык кыргызстандык курман болгон.
согушка катышкан. Кыргызстан жазуучулар союзунан
Т.Үмөталиев, М.Элебаев, Ж.Турусбеков, У.Абдукаимов ж.б.
катышкан.
медалдар менен сыйланган. Анын ичинен 29 адам даңк
орденинин ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры
болгон.
ССР эли тарабынан 15 кг алтын, 952 кг күмүш жана 320
миллион акча каражаты өз каалоосу менен чогултулган.