Саламдашуу.
Саламдашуу салт экен,
Сабырдуу кыргыз элимде.
Салтты биз да колдойлу,
Салам айтып сиздерге.
Урматтуу айымдар, сиздердин жаз менен кошо жаркырап кирип келген аялдардын эл аралык күнү 8-март майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Сиздер бар үчүн биздин жашообуз жарык, көңүлүбүз ток, маанайыбыз ачык. Кымбаттуу айымдар үй-бүлөнүздөрдүн алдында ар дайым бар болуңуз, ажарлуу жүзүңүздөрдөнкубанычтын нуру төгүлүп турсун.Сиздерге бекем ден-соолук,берекелүү узун өмүр каалайбыз. Сиздерге арнап кичинекей бөбөктөр “кара жорго” бийин бийлеп берет.
Куттуктайбыз майрамыныз куттуу болсун,
Кучагыныз кызыл чоктой гүлгө толсун.
Ийгилик жылоолосун бардык иште,
Жаныңызда жаркыраган балдар болсун. Анда эмесе сиздерге кичинекей бөбөктөрүбүз ырдап бермекчи “Жана апам”.
Куттуу болсун 8-мартыңыз,
Куп айыксын жүрөктөгү дартыңыз.
Учайынбы түндүктөгү уюлга,
Жалтанбастан бороон чапкын куюнга.
Күлүмсүрөп жарк десениз жетишет,
Башка түшкөн эң азаптуу кыйында.
Күлмүңдөгөн күн дагы,
Күмүш нурун арнады.
Ал анткени гүл жыттуу,
Апакемдин майрамы. (Даниел)
Жайнап турса тирүүлүктүн гүлдөрү,
Мага бакыт апакемдин күлгөнү.
Үй төрүндө алтын апам бар үчүн,
Ошон үчүн сүйөм ушул дүйнөнү. (Седеп).
Асмандагы ай дагы
Жарык чачып жайнады.
Ал анткени айга окшош,
Апакемдин майрамы. (Асанбекова Назик).
Апакебай ыйыгым,
Алтын күндөй бийигим.
Аман-эсен жүрө көр,
Жарык чачып биз үчүн (Айэлита).
“Дүнүйө” деп куру бекер наалыбай,
Сак-саламат жүрүңүздөр карыбай,
Өмүрлөрдүн жашыл гүлүн кыяртпай,
Жашагыла жашыл өскөн арчадай. Келгиле анда бөбөктөрдүн бийине күбө бололу. Өзбек бийи.
Айтаар сөздүн кыскасы,
Силерсиңер алп турмуштун туткасы,
Жашообузга жарык чачып, нур берген.
Силерсиңер асылдыктын устасы. Ус чебер ата-энелерибиздин чыгармачылыгы менен жасалган кол эмгегине күбө болуңуздар. (мода)
Апалар ай ак дилин ката албаган
Апа деген асылдык катарлаган,
Мен эле эмес менсинген далай акын.
Мээриминди сөз менен жаза албаган,
Ар учурда ырыс-кут жандаганын,
Айлантышат асылга кармаганын.
Ак дилимден силерге таазим этем,
Айланайын апалар айланайын. Келиңиздер апалар анда оюнга чыгып бериңиздер!
Кызыктуу оюндар.
- жемиштерди кесүү (жемиштер, кайчы,эки себет).
- шариктерге сүрөт (шариктер, жоолук, маркерлер).
- таштанды чогултуу (шариктер, обурч,шыпыргы).
- өз балаңды тап (атайын даярдалган материал).
- жоолук менен бийлөө (жоолук, музыка)кара жорго, апа, мына минтип.