Просмотр содержимого документа
«6-класс "Дуйнолук океан"»
Жаңы тема : Дүйнөлүк океан .
Сабактын максаты :
1. Дүйнөлүк океан,анын таралышы жана туздуулугу,тереңдик боюнча бөлүнүшү жонүндө маалымат алышат.
2. Океандардын чоңдугун,тереңдигин,билишет жана салыштырышат.
3. Суудай тунук,таза болууга тарбияланышат.
Дүйнөлүк океан –
- Жер бетин каптап турган туташ суу катмары. Жер шарынын аянтынын 70,8% дүйнөлүк океанга тиешелүү.
- Дүйнөлүк океан төрт океанга бөлүнөт. Аянттары :
- 1. Түндүк муз океаны ---- 14,0 млн км 2
- 2. Инди океаны ---- 76,3 млн км 2
- 3. Атлантика океаны ---- 91,6 млн км 2
- 4. Тынч океаны ---- 179,5 млн км 2
- Океан суусунун жылдык орточо температурасы 17,5 Сга барабар,уюлдук кеңдиктерде 1,9 Сга чейин төмөндөйт. Ал эми өтө жогорку температурасы экватордо 28,0 Сга жетет.
Океан суусунун туздуулугу.
Дүйнөлүк океандын орточо туздуулугу 35 ‰ барабар, б.а. 1л океан суусунда орто эсеп менен 35 грамм туз бар.
‰ промилл белгиси менен белгиленет.
Туздуулук боюнча 1-орунда Кызыл деңиз турат, туздуулугу 42 ‰ .Өтө жогору туздуулук ысык жана кургак чөлдөр менен чектеш болгон аймактарда болот. Океандардын орточо туздуулугу төмөнкүдөй.:
Атлантика океаны --35,5 ‰
Тынч океан -- 34,8 ‰
Инд океаны -- 34,8 ‰
Тундүк Муз океаны – 29– 32 ‰
Кеңдик боюнча:
Экватордо -- 34 ‰
Тропиктерде -- 35,8 ‰
Мээлүүн аймакта --33 ‰
- Океан суусунун туздуулугу анын үстүнкү бетинин бууланышынан жана тузсуз суунун кемишинен көз каранды.
- Океан суусунун туздуулугу анын үстүнкү бетинин бууланышынан жана тузсуз суунун кемишинен көз каранды.
- Океан суусунун туздуулугу анын үстүнкү бетинин бууланышынан жана тузсуз суунун кемишинен көз каранды.
- Океан суусунун туздуулугу анын үстүнкү бетинин бууланышынан жана тузсуз суунун кемишинен көз каранды.
- Дүйнөлүк океан ------ деңиздерге, булуңдарга жана кысыктарга бөлүнөт.
- Алардын түбү ар кандай тереңдикте жайгашкан.
- М: Түндүк Муз океанынын эң терең жери ---- 5527 м
- Инд океанынын эң терең жери ----- 7730 м
- Атлантика океанынын эң терең жери ---- 8742 м
- Тынч океанынын эң терең жери ---- 11022 м
- Океандын суусунун ар кандай тереңдикте болушу, тирүү организмдердин таралышына таасир этет.
Тынч океан----- океандардын эң чоңу. Аянты --- 179,5 млн км 2. « Тынч» деп аталышы Ф.Магелландын саякатына байланыштуу. Тынч океанда аралдар көп. Алардын чондору --- Малай,Япон,Филиппин,Куриль архипелагдары. Аралдары– Жаңы Зеландия,Тасмания ж.б. Океания деп аталат. Эң терең жери Мариан (11022 м) чуңкуру. Океандын жээктери сейсмикалык зонада жайгашкан.
Атлантика океаны --- аянты боюнча 2– орунда. 91,6 млн км2. Арктикадан Антарктидага чейин 15 миң км ге созулуп жатат. Атлантика ортолук кырка тоосу жайгашкан. Булуңдары ,аралдары азыраак. Эң терең жери Ява чуңкуру (7730 м )
Инд океаны --- аянты боюнча 3-орунда турат. Көпчүлүк бөлүгү түштүк жарым шарда жайгашкан. Деңиздери жана булуңдары аз. Аралдары --- Мадагаскар жана Шри—Ланка. Суусу жылуу,жаныбарлар дүйнөсүнө бай.Кен байлыктарга да бай. Перс булуңунда жайгашкан ири көлөмдөгү нефтинин запасы жайгашкан. Океан суусунун бууланышынан анын суулары туздуу. Эң туздуу Кызыл деңиз болуп эсептелет 42 ‰.
Түндүк Муз океаны -- аянты жагынан 4-орунда турат.Аралдары көп,булундары өтө аз. Дүйнөдөгү эң чоң арал – Гренландия жайгашкан. Эң терен жери –Нансен чуңкуру ( 5527 м )
слайд дуйнөлүк океан жөнүндө.
океан катмары
Бышыктоо : Топторго тапшырмалар берилет.
- 1. Океандардын аянты
- 2. Океандардын туздуулугу
- 3. Океандардын тереңдиги
- 1. Булуң деп эмнени айтабыз.
- 2. Арал деп эмнени айтабыз.
- 3. Жарым арал деп эмнени айтабыз.
Суроолор :
- 1. Жердин туташ суу катмары.
- 2. Канча океан бар.
- 3. Океандын туздуулугу канча промиллге барабар.
- 4. Эң туздуу деңиз кайсы.
- 5. Эң терең чуңкур ( кобул) кайсы океанда жана канча метр.
- 6. Эң чоң океан.
- 7. Эмне себептен «Тынч» деп аталып калды.
- 8. Атлантика ортолук кырка тоосу канчага созулат.
- 9. Дүйнөдөгү эң чоң арал.
Үйгө тапшырма :
- Дүйнөлүк океанды окуп
- жана суроо түзүп келүү.