Просмотр содержимого документа
«5-класс информатика»
Числосу 15.01.20 5-классы
Текшерген окуу бөлүмүнүн башчысы _________ Юсупова М
Сабактын темасы: Информацияны коддоо
Сабактын максаты:
А.предметтик – код жана коддоо тууралуу жалпы түшүнүк; коддоонун белгилүү эрежелери боюнча коддоону жана декод-доону билишет;
Б.метапредметтик – информацияны кайрадан коддоонун мейкиндиктик-графикалык же белги-символдук бир форма-сынан башка формасына которуу билгичтигине ээ болушат.
В.жеке инсандык – адамдын жашоосундагы түрдүү коддордун маанисин түшүнүп; информатиканы үйрөнүүгө кызыгышат.
Чечилүүчү окуу маселелери:
1.информация берүү процессин тууралуу билимдерди бышыктоо;
2.окуучулардын айланасындагы коддордун көп түрдөлүгүнө көңүлүн буруу;
3.информацияны коддоонун ролу тууралуу жалпы түшүнүктү калыптандыруу;
4.түрдүү коддордун жардамы менен информацияны коддоого жана декоддоого көнүгүү.
Сабактарда каралуучу негизги түшүнүктөр: шарттуу белги, код, коддоо, декоддоо.
Сабакта колдонулуучу ИКТнын каражаттары: мугалимдин персонал компьютери, мультимедиялык проектор, экран; куучулардын ПК.
Электрондук тиркемедеги материалдар: «Информацияны коддоо» презентациясы.
Сабактын мазмунун баяндоонун өзгөчөлүгү: өздөштүрүлгөн материалдарды актуалдаштыруунун жана текшерүүнүн төмөнкүдөй удаалаштыгы сунушталат:
1.Окуучулар төмөнкү суроолорго жооп берет:
-информация деген эмне?
-информация менен адам кандай амалдарды аткарат?
-адам информацияны кантип сактайт?
- адам информацияны кантип берет?
2.§ 10, 1–13-суроолор боюнча мини-талкуу;
Бул сабакта бизди курчап турган коддордун көп түрдүүлүгүн баса белгилешибиз керек. Жаңы материалды «Информацияны коддоо» презентациясы менен коштоп баяндаса болот.
Бул сабакка 3 практикалык тапшырма кирет. Алардын бир бөлүгү өтө тез аткарылат, айрымдарын үй тапшырмасы катары сунуштоого болот. Тажрыйба көрсөткөндөй, мындай тапшырмаларды балдар жан дили менен аткарышат.
Үй тапшырма: § 10 (1–13) Компьютердик практикум 12-иш. Текстти редакциялайбыз.
13-иш. Тизмекти түзөбүз.