4-класстар үчүн математика предметинен тест
Вариант 1
Амалдарды аткаргыла: 6095:53*43 – 4008
А) 739 б) 937 в) 379
2. 300 митутада канча саат бар?
А) 3 саат б) 4 саат в) 5 саат
3. Кайсы туюнтманын мааниси 0 болот?
А) 6:2*5*1-1= б) 4*6:2*3*0= в) 24-24:6*5:10=
4. Эң чоң төрт орундуу сандан эң чоң 3 орундуу санды кемитсе ..........болот?
Жообу:__________________________________
5. Кашааларды алып салганда кайсы туюнтманын мааниси өзгөрбөйт?
А) 9-(6:3)+3 б) 3+(9+6):3 в) 6+(3+3)*9
6. 65 - Х = 34 теңдемесинин тамырына барабар болгон теңдемени тапкыла.
А) Х-17=48 б) 62-Х=41 в) Х+27=58
7. Ашыкча сан катарын тапкыла:
А) 1; 2; 4; 8; 32 б) 3; 6; 9; 12; 24 в) 55; 10; 20; 40
8. 2 кг 400г – 800г = ?
А) 3кг 200 г б) 1 кг 600 г в) 1 кг 400 г
9. Эки текчеде 106 китеп бар. Эгерде бир текчеден 18 китепти алса, эки текчеде китептердин саны бирдей болот. Ар бир текчеде канчадан китеп болгон?
А) 62;44 б) 26;80 в) 46;60
10. Кайсы натуралдык сандар барабарсыздыктын чыгарылышы болот?
2*Х+6*Х≤40
А) 1; 2; 3; 4; 5 б) 3; 4; 5; 6 в) 2; 6; 7; 8
4-класстар үчүн математика предметинен тест
Вариант 2
Амалдарды аткаргыла: 162*84:72+1015
А) 2104 б) 1204 в) 4021
2. Айбек токоч бышырганы жатат. Ал духовканы ысытууда 10 минут, токочту бышырууга дагы 12 минут сарптайт. Айбек токочту 11.00гө даярдоо үчүн, духовканы саат канчада иштетиши керек?
А) 10 саат 38 митут б) 10 саат 48 минут в) 10 саат 50 минут
3. Амалдардын натыйжасын тапкыла:
(18-3*5+1) + (14:7*2+6-2)
А) 16 б) 19 в) 8 г) 12
4. Азаттын чөнтөгүндө 4 тыйын, 10 сом, 5 сом, 3 сом жана бир сом бар. Ал кайсы сумманы так төлөй албайт?
А) 19 сом б) 14 сом в) 17 сом г) 8 сом
5. Х ти тапкыла: 5(2х-1)=25
А) 3 б) 4 в) 5 г) 6
6
. Тик бурчтуктун периметри 56 м. Анын аянтын тапкыла : 16 м
А) 168 м2 б) 126 м2 в) 192 м2
7. Бир капка 50кг кумшекер батат. 3 центнер кумшекерди
салуу үчүн канча кап керек?
А) 6 б) 7 в) 8
8. 5 кг 200 г – 900 г = ?
А) 2 кг 300 г б) 4 кг 300 г в) 3 кг 300 г
9. Окуучу бир күндө мурунку күнгө караганда 2 бетке көп окуйт. Эгерде биринчи күнү 7 бет окуган болсо, бир жумада канча бет окуган болот?
А) 77 б) 84 в) 91 г) 98
10. Кайсы натуралдык сандар барабарсыздыктын чыгарылышы болот?
5х – 2 х≤10
А) 1; 2; 3 б) 1; 2; 3; 4 в) 1; 2; 3; 4; 5
Математика текшерүү иш
Вариант 1
Амалдарды аткаргыла:
2 240 * 255-59 976 + 276 300 : 900+5 088 * 279
Теплоход эки кундө 345 км жолду өткөн. Ал биринчи күнү жолдо 7 саат, ал эми экинчи күнү 8 саат болгон. Эгер бирдей ылдамдык менен жүрсө, теплоход ар бир кунү кандай аралыкты өткөн.
Теңдемелерди чыгаргыла:
(х - 805) : 28 = 175
Туюнтманын маанисин тап:
43 дм2 25 см2 + 42 м2
Көп чекиттин ордуна сан жазгыла:
12; 6; 18; 9; ......................................
Вариант 2
Амалдарды аткаргыла:
3 381 696 : 11 124 + 1 278 * 2 286 – 578 * 328
Шаарлардын арасындагы аралык 1200 км. Поезд 1000 км ди өттү. Калган жол өтулгөн жолдон канча эсе кыска?
Теңдемени чыгаргыла:
(х – 5 472) * 63 = 189 252
Туюнтманын маанисин тапкыла:
27 м2 40 см2 *16 + 56 дм2
Белгилүү закон ченемдүүлүктү байкап, көп чекиттин ордуна сан жазгыла
11; 14; 7; 10; 5; ..............................
Ваниант 3
Амалдарды аткаргыла:
2 749 950 : 225 + 1 525 * 200 – 1 350 * 110 – 1 200 * 125
Аралыгы 99 км болгон кыштактан бир убакытта бири-бирин көздөй эки лыжачан чыкты. Алардын биринчиси 17 км/саат, экинчиси 16 км/саат ылдамдык менен жүргөн. Лыжачандар канча убакыттан кийин кезигишет?
Теңдемени чыгаргыла:
6 300 – х : 126 = 875
Туюнтманын маанисин тапкыла:
56 см2 – 7 см2 20 мм2 + 16 дм2
Көп чекиттин ордуна сан жаз:
21; 3; 4; 1; ...............................