СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

3_Лекция (1) для

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«3_Лекция (1) для»

Берилгендердин типтери

1С программасынын негизги типтери болуп төмөнкүлөр эсептелинет:

  • Жолчолук тиби. Жолчолук типке дайыма тырмакча “” белгисинин ичинде жазылган ар кандай тексттер кирет;

  • Сандык тиби. Сандык типке каалагандай бүтүн жана бөлчөк, оң жана терс сандар кирет;

  • Даталык тиби. Даталык тиби жылды, айды жана күндү удаалаш жазуу менен аткарылат. Мисалы, 12-апрель 1961-жыл деп жаза турган болсок, анда ‘19610412’ деп жазылат.

Жогорудагы берилгендерди мисалдар менен карап көрөлү

1С тилинде бир жолчону экинчи жолчого кошуу үчүн кошуу (+) белгисин пайдаланабыз.

Берилгендерге ысым ыйгаруу үчүн төмөнкүдөй бир нече эрежелерди сактоо зарыл:

  • берилгендердин ысымы орус жана англис алфавиттеринен, цифралардан жана астына сызуу белгилеринен туруусу керек;

  • берилгендердин аты цифралардан башталбоосу керек.

Мисалы, биздин системадагы планеталардын саны-8. Бул сандык тип болуп эсептелинет. Мында берилгендердин аты болуп “ПланеталардынСаны” эсептелинет. Берилгендердин аты менен 8 цифрасын байланыштыруу үчүн барабар (=) белгисин колдонулат жана аягында үтүр чекит (;) белгиси коюлат.

КоличествоПланет = 8;

Сообщить (КоличествоПланет);

Программасын жазып, төмөнкүдөй жыйынтык алабыз.

Ысым ыйгаруу бул жазылган коддун түшүнүктүү болуусуна өбөлгө түзөт.

Кошумча жөнгө салуу (настройкалоо)



Информациялык базаны кошумча настройкалоо менен код жазууда ыңгайсыздыктарды жокко чыгарып алабыз. Ал үчүн “Конфигурация” элементине чычкандын оң кнопкасы менен басып, “Свойства” касиетин тандап алуу керек.

“Свойства” терезесинин акыркы жагындагы “Режим использования модальности” пунктуна “Использовать” маанисин орнотуу зарыл.

“Сохранить” кнопкасын басуу керек.

Мисал катары, эки сан берилип, алардын суммасы табылып, аны экранга чыгаруу талап кылынсын. Санды кийрүү үчүн атайын ВвестиЧисло командасы колдонулат. Ал эми параметр катары колдонуучу тарабынан киргизилген маани менен байланышкан атты кабыл алат. Төмөнкүдөй кодду жазууга болот: сан төмөнкүдөй жазылат

ЧислоА = 0;

ВвестиЧисло (ЧислоА);

Бул жерде биринчи жолчодо атты нол менен байланыштырылат.

экинчи сан төмөнкүдөй жазылат

ЧислоВ = 0;

ВвестиЧисло (ЧислоВ);

Эми киргизилген эки сандын суммасын эсептеп, аларды СуммаЧисел менен байланыштырылат:

СуммаЧисел=ЧислоА+ЧислоВ;

Алынган сумманы экранга чыгаруу үчүн ОткрытьЗначение командасы колдонулат:

ОткрытьЗначение (СуммаЧисел);

Жогорудагы коддорду жазуудан кийин экранда төмөнкүдөй билдирүү чыгат:

Керектүү маанилерди берүү менен тиешелүү жыйынтыктар алынат.