Жалпы билим берүүчү
Шаршенбай атындагы орто мектеби
«Акыркы конгуроо» салтанаттуу аземи
__________________- окуу жылы
1 - бөлүк
Саламатсыздарбы урматтуу бүгүнкү биздин коноктор, агай – эжелер жана окуучулар!
Жылдар – жылга алмашып, ай артынан айлар өтүп, убакыт куштай зымырады. Ошентип кайра кайтып жолугушчу жолубузда амандыкта жүз көрүшүп олтурганыбызга кубанычтабыз.
Күндөр учуп канат кагып токтобой,
Бүгүнкүсү эртеңкиге окшобой.
Көз ирмемдей туюласың өзгөчө,
Шашып бирок токтоор жериң болжобой.
Бүгүнкү салтанатта _________________ окуу жылындагы 9 – 11 – класстарын жана мектепти ____________ – жана ___________ – жылдары бүтүрүүчүлөрдү кол чабуулардын коштоосунда тосуп алалы.
Акыркы ирет катар менен басышып,
Мектеп менен кош айтышар кез келди.
Эже – агайлар талпындырган уядан,
Ишенгиле эч унутпайт силерди.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу киргизилсин.
_______________________ – окуу жылындагы «Акыркы коңгуроо» аземи ачык деп жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Гимни ырдалат.
Эмгек кылсаң элиң үчүн талыкпай,
Эстеп турар урпактарың ар убак.
Алга жылып заманыңдан калышпай,
Барган сайын бийиктейсиң аруулап.
Алгачкы сөз мектеп директору Донбаева Нурайым Чыныбековнага берилет.
Буйрук окулат: Жузупбекова Индира
Мына бүгүн акыркы коңгуроо кагылат
Толкунданат ар адамдын сезими,
Балалыктын окуучулук кездери,
Эң бактылуу экендигин сезесиң.
Конокторго сөз берилет:
_______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
Мугалим күндө тийсе чачырап,
Окуучусу гүл сыяктуу бажырайып ачылат.
Сөз кезеги көп жылдар бою талыкпай эмгектенип келе жаткан агай – эжелерибизде
__________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
Алпештеп талпындырган алтын апа,
Акыл сөз дайым айткан асыл ата,
Эңсешип, зарыгышып үмүт менен,
Уул кыздарың күтөт сизден бата.
2 – бөлүк
Жаңы келип кечээ эле мектепке,
Эми көрсөң убакыттын тездигин.
Бой тирешип турганына карасаң,
Куруучулар келечектин эртеңин.
Аттиң мезгил турса дагы бир азга,
Жылбай токтоп убакытты узартып.
Албайт беле моокумдары канганча,
Балалыктын кайыгына бир калкып.
Сөз 11 – класстын бүтүрүүчүлөрүндө.
«А» тамгасын тааныткан,
Ардагым менин эжекем.
Котормолоп сабактан,
Жол көрсөткөн сиз эжем.
Сөз кезеги 11- класстын биринчи мугалиминде _____________________
Обон созуп ырдаса,
Кулакка мукам угулат.
Жан дүйнөгө дем берип,
Залкар өңдүү туюлат.
Ыр: Мектебим
Тууну өткөрүп берүү аземи
Биз, Шаршенбай атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү! Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусун өткөрүп берип жатып, мектеп окуучуларын терең билим алууга, Ата Мекенди сүйүүгө, улууларды урматтоого, кичүүлөрдү ызаттоого үгүттөйбүз.
Тууну кабыл алуу:
Биз, Шаршенбай атындагы орто мектебинин окуучулары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусун кабыл алып жатып, Манас атабыздын арбагынын алдында Кыргыз Республикасынын мыкты жараны болууга, жакшы окууга, үлгүлүү жүрүм – турум менен айырмаланууга
Ант беребиз!
Ант беребиз!
Ант беребиз!
Кыргыз бийи
Тамгаларды аяктап алиппенин,
Айтсак дешет алар бүгүн ой – тилегин.
Анда эмесе береличи токтолбостон
1 – класстарга сөз кезегин.
Сөз кезеги 1 – класстарда
Индия бийи
Биздин мектеп бөпөлөдү өстүрдү,
Мугалимдин улуулугун сездирди.
Унутпайбыз мугалимдин ар бирин,
Унутпайбыз окуучулук күндөрдү .
(деп сөз 10 жылдык бүтүрүүчүлөргө берилет.)
Ыр:Окуучулук күндөрүм
Акыркы коңгуроону 1- класстын окуучусу: _________________________ кагат.
Кагыларда эң акыркы коңгуроо
Жүрөктөрдү ээлейт узак тунжуроо.
Бирок түшүн, бул акыркы күн эмес,
Бул болгону чоң турмушка узатуу.
Бүтүрүүчү мектеп менен коштошот,
Турмуш менен түбөлүккө достошот.
Уясынан канат күүлөп учушкан,
Балтыр бешик балапанга окшошот.
Бүтүрүүчүлөрдү узатуу
Мектеп менен коштошуп жатасыңыр,
Болсун анда байсалдуу сапарыңар.
Чечкиндүү аттап турмуш босогосун,
Билим бакыт болсун анда табарыңар.