Өзгөчө кырдаал деген эмне?
10 «Д» класс
Класстык саат
Класс жетекчи:Маликова Д.Н,
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө ЖОБО
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (мындан ары - Министрлик) калкты табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кыр-
даалдан коргоо, алардын алдын алуу жана жоюу, жарандык коргонуу,өндүрүштүн технологиялык, техникалык коопсуздугу жана тоо-кен көзөмөлү,
өрт көзөмөлү жана өрт өчүрүү жагындагы милдеттерди чечүү боюнча иш милдеттерди ишке ашыруучу аткаруучу мамлекеттик бийликтин бор-бордук органы болуп саналат.
Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын ,
Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жа-
на буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
Министрликтин максаттары жана милдеттери
* Министрликтин негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- калкты жана аймактарды табыгый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө
кырдаалдардан коргоо, жарандык коргонуу, гидрометеорология, өрт
көзөмөлү жана өрт өчүрүү жагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп
чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
*К алкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча ишти
жана өзгөчө кырдаалдардын алдына алуу жана жоюунун бирдиктүү мамлекет-
тик системасынын чегинде мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын ишин
башкаруу жана уюштуруу;
коркунучтуу өндүрүштүк объекттерде кыйроолордун, өндүрүштүк мер- тинүүнүн алдын алуу, жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдарды эртелеп алдын алуу системасы, экономика объекттеринин туруктуу иштешин жогорулатуу, өзгөчө кырдаалдардан, өрттөн, өнөржай жана өндүрүштүк коркунучтардан коргоонун натыйжалуу ыкмалары жагында илим-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди жүргүзүү.
коркунучтуу табыгый, техногендик процесстерге жана кубулуштарга
мониторинг жүргүзүүнү жана болжолдоону ишке ашыруу, өзгөчө кырдаалдар-
дын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу жана оорчулуктун масштабы
жана даражасы боюнча аларга баа берүү;
- жарандык коргонуунун, мамлекеттик өрткө каршы кызматтын башкаруу
органдарын, күчүн жана аскерлерин калкты жана аймактарды табыгый жана
техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча иш-чараларды
жүргүзүүгө туруктуу даярдыкта кармоо;