Бекитемин:
Мектеп директору: Д.Жангелдиева
Капалов Эшимбек атындагы орто мектебинин 2019-2020-окуу жылындагы «Билим күнүнө» арналган салтанаттын сценарийи.
Мектептин аянты майрамдагыдай кооздолуп. плакаттар. лозунгдар илинип, окуучулар катарга тизилип турушат. Чакырылган коноктор алдынкы катардан орун алышат, ушул убакта ойнолуп жаткан музыка акырындап элдин алдына алып баруучу чыгат:
А.б: Гүл кучактап аппак бантик тагынып
Ар тараптан периштедей агылып
Каникулдан кайтып келди окуучу
Алтын уя ак мектебин сагынып.
Биринчи сентябрь
Биринчи коңгуроо
Балага коюлду турмуштук чоң сыноо
Башталды өмүрдүн тармактуу тарыхы.
Баарына керек го, бала өзүн даярдоо
Биринчи ирет босогосун аттаган
Билим үчүн алгач кадам таштаган
Наристенин жүзүнөн нур чачырайт
Кубанычы койнуна эч батпаган.
Саламатсыздарбы урматтуу эже-агайлар, ата-энелер, кадырман коноктор жана окуучулар!Көңүл буруңуздар! Кулак салыңыздар! Азыркы боло турган бул салтанатыбызды баштоодон мурда бүгүнкү биздин ардактуу конокторубузду чакырып алсак Алар кимдер?-десеңиздер албетте алар мектеп босогосун алгач ирет аттап, билим дүйнөсүнө жаңы кадам таштап жаткан « Билим күнүнө» арналган биринчи конгуроо салтанатын ачык деп жарыялоого уруксат этиңиздер. Анда эмесе ушул салтанатка мектеп босогосун биринчи ирет аттаган бөбөктөрдү чакырабыз.(музыканын коштоосу м-н кол чабуулардын астында:
1а кл. жетекчиси ________________________
1б кл. жетекчиси ________________________
1в кл. жетекчиси ________________________
МАУБ: Кошундар түздөнгүлө ! Түз тургула!
Кыргыз Республикасынын Мамлекттик туусу жана Манас, Семетей, Сейтек кошундарынын туулары алынып келинсин.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимин ойнолот.
МАУБ: Кошундар түздөнгүлө ! Түз тургула! Манас, Семетей, Сейтек кошундарынын кошун башчылары ант берүүгө даярдангыла!
А.б: Бүгүнкү салтанатты ачуу ж-а алгачкы куттуктоо сөз мектептин директору
Жангелдиева Динара Тууганбековнага берилет.
А.б: Сөз буйрук окуу мектептин окуу бөлүм башчысы Аманова СыйнатРамановнага берилет.
А.Б: Тагдыры кылымы аткан доордон доорго,
Мугалим салымын коп Ала-Тооно,
Сиздер берген тарбия таалим менен
Барабыз кен келечек, жаркын жолдо.
Демекчи ардагер мугалимдерибизде.__________________________________
А.б: Наристелер байчечекей гүлүндөй
Жаңы ачылып гүлдөп турган убагы
Окуучулар алсын азыр кезекти
Куттуктоосун,ырын чогу угалы
А.б: Бир мени эмес нечендерди өстүрүп
Тарбиялап бак-таалайга жеткирип
Турмуш жолун түшүндүрүп далайга
Эмгегиң зор кагылайын эже-агай
Азыркы куттуктоо сөз ардагер мугалим Мамадалиева Жумабү эжеге берилет.
А.б: Азыркы кезекти окуучулардын бийине көңүл буралы
А.б: А тамгасын алгачкы ирет тааныткан
Өз баласындай тарбиялап көздү ачкан
Адептүүлүк ыйман-ызат үйрөтүп
Кесибигне ал азыр мыкты дасыккан
Сөз кезеги 1а кл. кл. жетекчиси ________________________эжеге жана
Окуучусу _______________________________ берилет.
А.б: Окуучулук кундор келбейт кайрылып,
Эже-агайды калабызго сагынып,
Чиркин омур барат тура арылып,
Кундор айга, айлар жылга жанырып дегендей
Сөз кезеги 11кл _____________________________ берилет
11-класстын окуучулары 1-класстын окуучуларын гүлдесте менен куттукташат.
А.б: Эмесе « Биринчи конгуроону»
1а-классынын окуучусу: _____________________________
1б-классынын окуучусу: _____________________________кагышат.
Туу көтөргөн 1 -классынын окуучусу: _________________________
МАУБ: Кошундар түздөнгүлө! Түз тургула!Кыргыз Республикасынын Мамлекттик туусу жана Манас, Семетей, Сейтек кошундарынын туулары алынып кетилсин.
Гимн ойнолот
А.б: Анда эмесе салтанаттын соңунда
Көпчүлүк эл уруксат этип койгула
Ишиңерде арта берсин ийгилик
Аман – эсен сак саламата болгула
Ушуну менен « Биринчи конгуроо» аземине арналган салтанатты жабык деп жарыялайбыз.