СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
№11 В.В.Терешкова атындагы мектеп-интернатынын окуучулары Т.Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасында 4-декабрь "Манас күнүнө" карата өткөрүлгөн конкурска активдүү катышып, 7-а класс окуучусу Оморалиев Байтулла 2-орунга ээ болду.
4-декабрь күнү Кыргызстанда "Манас эпосунун күнү". Бул күн Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 27-апрелиндеги №259 токтомдун негизинде маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ошондой эле өлкө парламентинин демилгеси аркылуу кабыл алынган. Манас эпосу башка элдердин нравалык жана көркөм мурас чыгармалары сыяктуу эле, жакшылык менен жамандык, адамкерчилик жана гуманизм, чыдамдуулук жана достук, өзүн-өзү жакшыртуу, жакын адамга болгон сүйүү темаларына бай. Ушул сыяктуу санат-насыяттар, Манас атанын жети осуятына киргизилген. Манас эпосу ЮНЕСКО уюмунун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине кирип (2013), Гиннестин рекорддор китебине дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпос катары кирген. 1994-жылы БУУнун генералдык ассемблеясы Манас эпосунун 1000 жылдыгын белгилөө жөнүндөгү бүткүл дүйнөлүк резолюциясын кабыл алып, 1995-жылы салтанат Талас облусунда өткөрүлгөн. "Манас-1000" алтын ордени ошондой эле алтын медалы уюшулуп, 2 тарыхый-этнографиялык комплекс курулган. Ал эми 2015-жылдан тарта 4-декабрь күнү "Манас эпосунун күнү" белгилөө чечими кабыл алынган.